Толеранттуулук (лат.
tolerantia - чыдамдуулук, көтөрүмдүүлүк) - кандайдыр бир нерсеге, анын ичинен, башкалардын оюна, диний ишенүүсүнө чыдамкайлуулук, сабырдуулук.
Улукмырза сила.Толеранттуулук термини көптөн бери медицинада (иммунология, токсикология, фармакология) токсикалык жана фармацевтик препараттарды сезүүнүн төмөндөшү, ошондой эле кээ бир антигендерге иммунологиялык реакциялардын жоктугун же начарлаганын белгилөөдө колдонулган. Саясаттагы Толеранттуулук башка саясий, идеологиялык көз караштарга, концепцияларга чыдамдуулук менен мамиле кылууда чагылдырьшган. Саясий термин катары Толеранттуулук XX к. экинчи жарымынан тартып бул же тигил саясий күчтөрдүн, бийликтин субъектилеринин, идеологиялык саясий оппозициянын чөйрөсүндө айтылып, конституциянын чегинен чыкпастан туруп, жарандык коомдун түрдүү социалдык топторунун же жалпы өлкөнүн саясий климатына таасир тийгизе турган башкача ойлоого, пикирлерге жана баалоого карата чыдамдуулугун билдирүү үчүн колдонула баштаган.
Айрым саясий ишмердин турмушунда саясий Толеранттуулук анын саясий каршылаштарынын пикирин угуу жөндөмдүүлүгүндө жана даярдыгында, алардын тууралыгын, өзүнүн каталыгын жана жаңьшыштыгын таануусунда чагьшдырылат. Бул болсо инсандын жогорку саясий маданиятынын күбөсү болуп эсептелет. Саясий Толеранттуулук жарандык коомдун калыптануусунун башкы шарты, саясий кампрамисстерге жетүүгө, коллективдик чечимдерди консенсус жолу менен кабыл алууга алдын-ала өбөлгө болуп эсептелет. Толеранттуулук саясий бийликтин принциптеринин бири деген пикир саясат таанууда ырасталууда.
Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Толеранттуулук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.