Карпат тоолору – Европадагы тоо системасы; Словакия, Чехия, Польша, Венгрия, Сербия, Украина жана Румыниянын аймагында.
Дого сымал түндүк-чыгышты карай ийилип, Дунай дарыясынын өрөөнүндө (Братислава ш. туштан) Темир Дарбазага чейин 1600 кмге созулуп жатат. Орточо бийиктиги 1000 м чамасында, эң бийик жери 2655 м (Герлаховски-Штит чокусу). Батыш жана Чыгыш Карпат Бескид тоолорунан, Түштүк Карпат Батыш Румыния тоолорунан, Трансильвания платосунан турат. Альп геосинклиналь Облусунун курамына кирет. Догонун сырткы тилкеси негизинен флиштен (кумдук, конгломерат, чополуу сланец), Борбордук тилкеси кристаллдык тектерден, акиташ тегинен турат; мында байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган бийик кырка тоолор (Татра, Фэгэраш жана башка) жайгашкан. Ички тилкесин көбүнчө жанартоо массивдери түзөт. Климаты мелүүн, деңиздик кпиматтан континенттик климатка өтмө. Январдын орточо температурасы –2... –5°C (кыр чокуларында –10°Сден төмөн), июлдуку 17–20°C). Жылдык жаан-чачыны 600–2000 мм. Капталдарында 1600–1800 м бийикке чейин жазы жана ийне жалбырактуу токой, андан жогору субальп бадалдары жана шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, таш туз (негизинен Карпат этегиндеги ойдуңдарда), түстүү металл (Металич тоосунда) кендери, жылуу булактар бар. Карпаттын аймагынын 16% аянты коргоого алынган; алардын эң негизгилери: Татра улуттук паркы (Словакия, Польша), Чыгыш Карпат эл аралык биосфера резерваты (Украина, Словакия, Польша), Карпат биосфера коругу, Синевир, Сколев Бескиддери, Ужан улуттук парктары, Горгани коругу, Надсян ландшафттык паркы (Украина), Ретезат улуттук паркы (Румыния). Жапыз Татра, Словакия Карсты, Полонина улуттук парктары (Словакия), Туризм өнүккөн, спорттун кышкы түрлөрү өткөрүлөт. Тоо-климаттык жана бальнеологиялык курорттору арбын.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Карпат тоолору, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.