Камар ад-Дин – 1368–90-жылдары Моголстандын эмири.
Дуулат уруусунан. Мангалай Субеден («Башкы аймак») түндүктөгү Сыр-дарыядан Илеге чейинки аймакты бийлеген. 1365–66-жылы тактыны ээлеп алуу үчүн бир тууганы Шамс ад-Дин менен бирге төңкөрүш уюштуруп, Тоглук Тимурдун уулу Илйас кожону өлтүрүшкөн. 1368-жылдан өз улусун биротоло өз алдынча бийлеген. 1371-, 1375-, 1383-жылдары эмир Темирдин Камар ад-Диндин улусун басып алуу аракети натыйжасыз аяктаган. Камар ад-Дин Алтын Ордонун ханы Токтомуш менен согуштук союз түзүп, Мавераннахрга кол салышкан. Ал ийгиликсиз аяктап, Камар ад-Дин Иртышка, Алтайдагы Түлөс аймагына качып барып өлгөн.
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Камар ад-Дин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.