Енисей Жазуулары

Енисей жазуулары – Енисей дарысынын жогорку өрөөндөрүнөн табылган жана байыркы түрк элдеринин, анын ичинде байыркы кыргыздар 6–10-кылымда колдонгон рун жазуусунун эстеликтери.

Жазуу эстеликтери Азиянын борбордук бөлүгү деп таанылган Тува автономдук республиканын жана Хакас автономдук облусунун аймактарынан табылган. Рун жазуу эстеликтеринин көбү негизинен Енисей дарыясынын өрөөнүнөн катталгандыктан, ал шарттуу түрдө Енисей жазуулары же Енисей эстеликтери деп аталган. Енисей жазууларынын мазмунун дээрлик эпитафиялык эстеликтер түзөт. Енисей жазуулары илимде 18-кылымдын 2-жарымынан тартып белгилүү болгон. Жогоруда аталган аймактан табылган эстеликтердин саны 200гө жакын. Енисей жазууларында 4 үндүү тамга болуп, үнсүз тыбыштар каткалаң жана жумшак түгөйлөрү аркылуу белгиленгендиктен, үндөштүк жоон жана ичке 8 үндүү тыбышты билдирген. Сөздөрдө айрым учурда «э» тыбышын белгилөө үчүн өзүнчө тамга да колдонулган. Енисей жазууларында 16 үнсүз тыбыш белгиленген, анын ичинде б, г, д, й, к, л, н, р, с, т (он тыбыштын) жумшак түгөйлөрү атайын тамгалар менен жазылган. Мындай комбинациялык варианттардын белгилениши сөз­дөрдүн үндөшүүсүн туура баамдоого негиз болгон. Эстеликтерде г, д, ж, л, р, п тыбыштары менен башталган сөздөр жолукпайт. Сөздөрдүн ичинде же аягында бардык үнсүз тыбыштар колдонулган. Азыркы кыргыз тилинде өздөштүрүлгөн в, х, ф, ж, ц сыяктуу тыбыштар Енисей жазууларыда болгон эмес.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Tags:

Енисей

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТөрөтМодал сөздөрАдминистративдик укукСарыбагышБаш мүчөЭволюцияЫсык-КөлПрокси серверРевматизмКокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыАбдыкерим СыдыковМезолитБөрү жатышАзияМанас таануу“Балбай” (поэма)Исламдагы беш парзКонфликтКыргызстан тоолоруШайлообек ДүйшеевЭвфемизмСеметейОозул (стоматит)Элементтер мезгилдик системасыЖүрөктүн ишемия оорусуКыргыз музыкасыСеметейдин Букардан Таласка келишиБасымСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.БиогельминттерЭнесай Кыргыз кагандыгыИдиомаКалпакАдамзаттын келечегиУзак жолМанастын туулганыНоорузТыбышЭң чоң жалпы бөлүүчүТалас өрөөнүМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?ЛегендаАстрономияДүйнөнүн жети кереметиТемиркул ҮмөталиевМамлекеттердин тизмесиТууранды сөзЖарыктын чагылышыКара кытайлар (кара кидандар)Билим берүүнүн мазмунуАалы ТокомбаевCOVID-19 пандемиясыАаламПедагогикалык изилдөө методдоруИндияБаш мээ нервдериЖусуп Мамай«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү»Окутуу процессиБилимТүгөлбай СыдыкбековЖаныбарТабуТаң алдында (роман)СтилистикаҮйбүлө укугуГлобалдык көйгөйлөрСынган кылычЖүрөк-кан тамыр тутумуБалбай баатыр Эшкожо уулуМаалымат технологиясыОрусияЖеңиш чокусуМоголстанСтиль🡆 More