Гностицизм (грек.
gnosis – таанып билүүчү, тааным) – кийинки антика жана орто кылымдагы диний-философиялык агымдын биринчи этабы, ага манихейчилик, орто кылымдык дуалисттик Ерес кирген.
Ал биздин замананын 1-кылымында жакынкы Чыгышта (Сирия же Самарин) же Александрияда пайда болгон. 2-кылымда христианчылыктын башкы атандашы болгон. Христианчылыктын чыгыш ишенимдерин (иудаизм, зороястризм, Вавилондук жана египеттик диндер), грек философиясында жалпылап, синтез кылууга аракеттенген.
Гностицизмдин ичинде негизги үч агымды бөлүүгө болот:
Негизинен Гностицизмге бирдиктүү башталыш концепциясы мүнөздүү ошону менен бирге дуалисттик элементтер кездешет. Гностикалык окууда адам борбордук орунду ээлеген. Жалпысынан Гностикалык окуу кул ээлөөчүлүк формациянын кризисинин бир көрүнүшү жана жаңы көз караштын жаңы синтезин табуу аракети катары каралат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гностицизм, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.