Айыл

Айыл – көчмөн турмушка ылайыкташтырылган социалдык, аймактык бирикменин түрү.

Айыл туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү 8 аталарынын аты менен аталган. Айылдын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп-көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук-саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде айылдар жакын-жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган.

Айыл

Тынчтык мезгилде айылдар бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн. Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда болуп, айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Манаптардын катмары пайда боло баштаганда айылда өзгөрүүлөр күч алып көчмөн шартта жаралган салттар көз көрүнө бузула баштаган. Көчмөн айылдар 20-кылым 40-жылдарынын башында толугу менен отурукташкан.

Колдонулган адабият

Tags:

ЖайытСогуш

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Боз үйдүн жасалгаларыТатаал сөздөрТишБишкекТөөЖалал-Абад облусуӨзгөн районуТемпераментОкутуу ыкмаларыАдигине-ТагайЧубак ажы ЖалиловСадыр ЖапаровТүркияКыргызстандын дары сууларыПиелонефритМорфологияТоктогул СатылгановОсмон империясыЛюдвиг ван БетховенСак цивилизациясыКасым ТыныстановСаякМахмуд КашгариТоокСанжыраЗаңБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыКыргызстандын гербиДүйнө тилдериБөрү жатышКөзКанадалыктарДеңизЖолочу РысбаевТаң алдында (роман)НамазГепатитКыргызстандагы жаныбарларКүн атмосферасыБек БорбиевТөрөттөн кийинки ооруКош бойлуулардын гигиенасыИранТемиркул ҮмөталиевКаакымБатыш түрк кагандыгыКакырыкБизнесУсун мамлекетиЭтиштин түрүАйбек КарымовӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиАра төрөлгөн балаМастопатияАдамдын бутуДүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014Баш травмасыБириккен Араб ЭмирликтериБурана (мунара)ЭволюцияАк кеме (тасма)КалпакАркар, кулжаКөркөм өнөрСинтаксисТолеранттуулукАла-Арча Улуттук ПаркСөөк системасыБүйлөнүн сезгенишиГерманияКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаАк калпакАлмамбеттин баяныКаныбекМухаммед кыргызИч алдырма дарыларБышыктоочторМайрамдарИлбирс🡆 More