Канадалыктар – эл, Канаданын калкы.
Жалпы саны 31,2 млн, анын ичинде Канадада 25 млн киши (2006). Канада калкынын 43%ин англис-канадалыктар, 24%ин француз-канадалыктар, 2%ин индейлер, эскимостор, ошондой эле Европадан барган немец, англис, италян, украин, орус, голланд, поляк, еврей жана америкалыктар түзөт. Канадалыктар англис жана француз тилдеринин канадалык вариантында сүйлөшөт. Англис-канадалыктардын динге ишенгендери протестантизм (пресвитериан, лютеран, баптисттер), француз-канадалыктар католицизм динин тутушат. 16–20-кылымда алгач Европадан (француз, англис, шотланд, ирлан, уэльс, немис, голланд жана башка), кийин АКШдан иммигранттардын Канада аймагына көчүп келип отурукташуусу менен Канадалыктар улут болуп калыптанган. Англис-канадалыктардын улуттук маданияты англистердикине жакын. Эски шаарларда англис үлгүсүндө салынган архитектуралык курулуштар сакталган. Айрым англис-канадалык топтордун турак жайлары, тамак-ашы, үрп-адат, салттары европалыктардыкына окшош. Алар Шотландиялыктардын колдоочусу Ыйык Андрей, ирландыктардын Ыйык Патригини күндөрүн майрамдашат. Азыркы учурдагы маданиятына америкалыктардын таасири чоң.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Канадалыктар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.