URL (Uniform Resource Locator деп чечмеленет) — кайсы бир интернет-ресурска шилтеме боло алган конкреттүү символдор сабы.
Ал тармак барагын издеп табат жана ал дарек Интернеттеги атайын ресурсту көрсөтөт. URL http:// менен башталып тармак барагын камтыган документтин бөлүгүнө чейинки даректи камтыйт. Тармак барактарын көзөмөлдөөнү камсыз кылуунун эки жолу бар: (1) хронологдук тизме жана (2) кыстаруу белгилер тизмеси. Хронологдук тизмеде каралып өткөн барактардын даректеринин тизмеси келтирилет. Хронологдук тизме терезени кароо програмы менен иштөө аяктаганда тазаланып турат. Кийинки сеанстарда мурда каралган баракты кайра жеңил чыгарып алуу максатында ал орунга кыстаруу белгисин (закладка) орнотуп койсо болот. Кыстаруу белгиси тармак барагынын ысымынан жана ошол барактын URL дарегинен турат. Кыстаруу белгиси же ысык деп аталган тизмени кийинки сеанстарда пайдалануу өзүңүздүн компьютерде сакталгандыгы менен хронологдук тизмесинен айырмаланат. Програм жана документтерди иреттөө үчүн колдонулат. Алар файлдарды жана башка папкелерди камтыйт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article URL, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.