K-News

K-NEWS – Кыргызстандагы жаңылыктарды жазууга, баяндоого жана жарыкка чыгарууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес, жеке менчик маалымат агенттиги.

2011-жылдын 20- июнунда медиа-менеджерлер топу тарабынан негизделген. Бул топко биринчи класстагы журналист адистер, PR аналитиктер кирген. K-NEWS өзүнүн жогорку стандарттары, маалыматтарды оперативдүү нейтрал жеткирүүсү, ыңгайлуу интерфейси жана Web 2.0. менен айырмаланып турат. Ошондуктан сайт Кыргыз медиа базарында биринчи орунду ээлеп турат. K-NEWS маалымат агенттиги өзүнүн “ар кандай бюрократтык, көп жылдык эреже түзүлүштөрүнөн, тоталдык жеке менчик ээлеринин текшерүүлөрүнөн сыртта болгон” маалымат агенттик деп эсептейт.

K-News
URL

https://knews.kg/

Жеткиликтүү тилдер

орус тили и Кыргыз тили

Рубрикалары

Жарыялануучу, басылып чыгуучу материалдар азыркы күндөгү тематикага туура келуу менен рубрикаланат. Ар күнү агенттик тарабынан “Парламенттик өнөкөт” жүргүзүлөт. Анда малмлекет парламент мүчөлөрөнүн демилгелери, өкмөт чечимдери көрсөтүлөт. K-NEWS сайтында “Досье” рубрикасына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул рубрикада Кыргызстандагы белгилүү адамдардын жана саясий ишмерлердин толук өмүр баяны берилген. Сайттын күндөлүк негизинде “Саясат”, “Окуялар жана изилдөөлөр”, “Экономика”, “Фоторепортаждар” жана “Инфографика” рубрикалары бар. “Кадрлар жана дайындоолор” рубрикасында агенттик өзүнүн окурмандары менен акыркы мамлекеттик түзүлүүлөрдөгү жана чоң уюмдардагы өзгөрүүлөр менен бөлүшөт.

Интернеттеги абалы

K-Newsтун материалдары рейтингдик жаңылык кызматтары(Яндекс.Жаңылыктар, Google.Жаңылыктар,Rambler.Жаңылыктар, Жаңылыктар@Mail.ru, Namba Media) сыяктуу Кыргызстандын жана эл аралык багыттагы сайттарда өнөктөштөрү тарабынан кайрадан басылып чыгат. Ошондой эле K-News(Regnum, Lenta.ru, РосБалт, ЦентрАзия, Internews Kazakhstan, Известия, Фергана.ру) сыяктуу белгилүү чет элдик сайттардын макалаларын цитаттайт. SocialBakers.com сайтынын коомдук сайттар мониторингинде K-News Кыргызстандын Facebookтагы Массалык Маалыматтар Каражаттарын (ММК) арасында эң көп окулуучу сайт катары аныкталган. LiveInternet.ru интернет-ресурстар алып баруучу мониторинг кызматын статистикасы боюнча K-NEWS Кыргызстанда биринчи орунга ээ болду. Алган сыйлыктары: “Геннадий Павлок” аттуу журналисттик сыйлык, “Чындык, Эрдик, Профессионалдуулук” үчүн сыйлык, Кыргызстандын маалымат технологиялык ”КИТ 2011” форумунун “Жыл ачылышы” сыйлыгы. 2012-жылы K-News Жыл Микропремиясында “Эң жакшы жаңылык жеткирүүчү” наамына Twitter-микроблог кызматында Кыргызстандык аккаунт ээлери тарабынан, добуш берүү аркылуу ыйгарылды.

K-News сандарда

Суткасына 25 000ден ашуун көрүүлөр Суткасына 8 000 ден ашуун катышуу Суткасына 6 000 ден ашуун уникалдуу катышуучулар K-News Кыргызстандагы коомдук сайттар ичинде лидер болуп эсептелинет: Twitter де1600 дөн ашуун окурмандар Facebook тө 4500 дөн ашуун жазылуучулар

Маалымат булактары

1.↑ Елена Горбачева. Кыргызстан: маалымат жеткирүунүн жаңы Новый репортер.org ( 2011-жыл 27-июн). 2.↑ Алтынай Джуманазарова. K-News: ички көз караш. Интернет-журнал "Savoir Vivre" (2011-жыл 19-июн). 3.↑ КРнын журналисттерине “Г.Павлюк” аттуу сыйлыгынын берилиши. Day.kg ( 2011-жыл 23 декабр). 4.↑KIT-форум 2011 номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталды. КИТ-форум (2011-жыл, 22 декабрь).

Шилтемелер

Информациялык Агент тиктин расмий сайты www.knews.kg Расмий твиттер-аккаунту ---@knews_kg Расмий Facebook барагы K-NEWS Контакттар: 720017,КыргызскаяРеспублика,г.Бишкек ул.Боконбаева,177 тел: +996 312 874187


Tags:

K-News РубрикаларыK-News Интернеттеги абалыK-News сандардаK-News Маалымат булактарыK-News ШилтемелерK-NewsКыргыз Республикасы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ТопуракКөз карандысыз Мамлекеттердин ШериктештигиЖыныс мүчөлөрүЭки миң сомНарын облусуГенАйтиев Гапар АйтиевичДеңиз деңгээлиОлимпиялык оюндарСезүү мүчөлөрүКараханийлер мамлекетиКыргызстандагы таш дооруАкжол МахмудовКант кызылчасыЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)ПланетаКурманбек эпосуКомузКыргызстанИлимТүркмөнстанАлымбек даткаТекстЧыныгы достукМанас эпосуКасым ТыныстановТишТерминдерКокон хандыгыАрстанбек Буйлаш уулуКазат АкматовКошмок сөздөрӨзгөнЖан Батист ЛамаркДен соолукКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруСоветтер Союзунун баатырларыМанкуртБийлик7-майМаалымат технологиясыКыргызстандын географиясыНерв системасыГезитДидактикалык чыгармаларКыргыз Республикасынын экономикасыРеферендумБышыктоочторФизикалык чоңдуктардын бирдиктериӨзгөргүчтүкОрто АзияКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүБарпы Алыкул уулуТамеки чегүүАскар АкаевМүчөАйтматовдун чыгармаларыЧубак ажы ЖалиловЖантай БаатырЖарандык согушЖер титирөөЛипидМахабат дастаныМарсФенотипЖыл сүрүү жадыбалыЭлебаев МукайТабият таанууМолдо НиязЭлектр тогуКыргыз тилинин тарыхыБалыкӨспүрүм балдарОрганизм🡆 More