Чыгыш Европа Түздүгү

Бул аймакты Орус түздүгү деп аташат.

Рельефи

Ал Түндүк—Чыгыш Евразиянын бөлүгүн ээлейт. Түздүктү түндүгүнөн Баренц жана Ак деңиздер, батышынан Балтика деңизи курчап турат. Түштүк чеги Каспий, Кара деңиз, Азов деңиздеринин жээктери жана Кавказ, Крым, Карпат тоо этектери аркылуу өтөт. Урал тоолору анын чыгышындагы табигый чек ара болуп саналат.

Чыгыш Европа түздүгү батыштан чыгышка жана түндүктөн түштүктү карай миңдеген километр аралыкка созулуп, өтө чоң аймакты ээлеп жаткандыктан жаратылыш шарттары ар түрдүү. Жеринин бетинин түздүктүү болушу анын платформасынын фундаменти терең горизонталдуу жатып, үстүнөн байыртадан бери куралган калың чөкмө текктердин катмары каптап турат. платформанын кээ бир участоктору көтөрүңкү келет, андай жерлерде дөңсөөлөр пайда болот.

Платформанын фундаментинин сыртка чыгып турган жерлери Балтка жана Украина шиттери түрүндө чөкмө тектер менен капталбай жатат. Дөңсөлүү көтөрүңкү аймактардын ортосунда кристаллдык фундамент төмөн карай ийилген жерлердин рельефи түзөң ойдуңдуу. Днепр боюндагы ойдуң, Ока—Дон түздүгү ушундайча пайда болгон.

Булар аркылуу дарыя өрөөндөрү өтүп, кокту колоттор менен аз тилмеленген жайык түздүктөрдүн аймагы түзүлөт. Платформанын чет жакасындагы төмөн карай ийилген участокторунда Кара жана Каспий деңиздеринин боюндагы ойдуңдар, ошондой эле түндүктөгү Балтика ж.б. деңиздердин жээктерине жакын жаткан ойдуңдар пайда болгон.

Чыгыш Европа түздүгүнүн басымдуу бөлүгүнүн абсолюттук бийиктиктери 100 мден 200 м жетет. Түздүктүн бетин каптап жаткан чөкмө тектер бир эле мезгилде пайда боло калган жок. Ал тектердин көбү байыркы мезгилдеги платформаны каптап жаткан деңиздердин түбүндө түзүлгөн. Чыгыш Европа түздүгүнүн рельефинин түзүлүшүнө байыркы муз каптоолор чоң таасир тийгизген. Түздүктүн түндүк тарабында муз каптоо үч—төрт ирет кайталанып, кайра тартылып турган. Алапдан калган морена чөкмөлөрүнөн түзүлгөн дөңсөлүү рельефтин формалары азыркы мезгилге чейин сакталып калган.Азыркы муз каптоонун убагында мурунку пайда болгон морена дөңсөөлөрү жемирилип бузулуп, андан майдаланган борпоң тектер муздун эриген суулары менен агып, ойдуңдуу жерлерде топтолгон. Полесьенин жана Мещеранын ойдуңдарындагы кумдуу чөкмөлөрү ушундайча жол менен пайда болгон.

Климаты

Чыгыш Европа түздүгүнүн түндүктөгү чет жакаларынан башка көп мейкиндиктери мелүүн климаттын алкагынан орун алган. Түздүктүн климаттык шарттарына Атлантика океанынан соккон деңиздик мелүүн аба массасынын таасири чоң. Ошого байланыштуу анын батыш бөлүгүндө нымдуулук жогору, кыш анча катаал эмес, жайында салыштырмалуу салкын. Чыгыш тарабына жылган сайын континенттик мелүүн аба басымдуулук кылат. Эгерде аба массаларынын кеңдиктер боюнча алмашуусуна көз чаптырсак, анда аймактактын түздүктүү рельефине байланыштуу арктикалык аба массалары анын түштүгүнө тоскоолсуз эле жетип, айрым учурда абанын температурасын кескин төмөндөткөнү бакалат. Тетирисинче, континенттик тропиктик аба массасы түндүктөгү Ак деңиздин жээктерине чейин барат. Бул убакта кышкысын аба бир аз жылып, жаз—жай мезгилдеринде кургакчылык өкүм сүрөт. Мына ушундай шарттарда Чыгыш Европа түздүгүнүн батыш бөлүгүнө 600—800 мм жаан-чачын түшсө, анын түндүк чыгышына 200-—300 мм гана туура келет. Ал эми январь айында батыш тарапта абанын орточо температурасы —4 °С, Уралга жакын —18°С. Жайдын температурасы негизинен кеңдиктер боюнча өзгөрөт. Эгерде июль айында абанын орточо температурасы түндүк деңиздердин жээгинде 8—10°С болсо, түштүктөгү жарым чөлдөрдө 24—26°С.

Ички суулары

Чыгыш Европа туздүгүнүн дарыялары, анын башка региондорунан айырмаланып, негизинен түштүктү көздөй агат. Буларга Волга, Дон, Днепр ж.б. дарыялар кирет. Чыгыш Европа түздүгүнүн эң узун жана суусу мол дарыясы Волга, ал Валдай дөңсөөсүндөгү токойлуу дөбөлөрдөн тартып, Каспий деңизинин чөлдүү жээгине чейин бир нече жаратылыш зоналарын кесип өтөт. Волганын өйүз-бүйүзүндө өкөндөгү тарыхы, чарбачылык жана маданий чоң мааниси менен даңкы чыккае орустун он чакты ири шаарлары орун алган. Анда суу сактагычы бар бир канча гидроэлектр станциялары курулган. Каналдар аркылуу Балтика, Ак, Азов жана Кара деңиздерди кошуп турат.

Жаратылыш зоналары

Түздүктөгү климаттын зоналуулугу, кеңдиктер боюнча жаратылыш зоналарынын түндүктөн түштүккө карай ирети менен алмашып жайгашуусун шарттайт. Жеринин бетинин тегиздигинен жаратылыш зоналуулук Чыгыш Европа түздүгүндө ачык көрүнөт. Биерде тундрадан тартып жарым чөлдөргө жана чөлдөргө чейинки зоналар таралган. Түздүктүн аянтынын жарымына жакынын токой зоналары ээлейт. Нымдын арбындыгынан алардын арасында саздар көп. Токойлордун түштүгүнөн токойлуу—талаа жана талаа зоналары тилке—тилке болуп жатат. Жеринин бетинин түздүгү, көптөгөн кен байлыктардын болушу, климаттын салыштырмалуу жумшактыгы, жаан-чачындын жетиштүү санда түшүшү, топурагынын асылдуулугу, өсүмдүктөрүнүн ар түрдүүлүгү көп тармактуу чарба уюштурууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Ушуга жараша КМШнын калкынын жарымынын ашыгы Чыгыш Европа түздүгүнддө отурукташкан. Бул анын чарбасы жана экономикасы жогорку өнүккөн бөлүгү. Бул жерде шериктештикке кирген өлкөлөрдүн айдоо аянттарынын 50% ке жакыны туура келет, чөп чабынды жана жайыттар да өтө көп.

Адабият

Tags:

Чыгыш Европа Түздүгү РельефиЧыгыш Европа Түздүгү КлиматыЧыгыш Европа Түздүгү Ички сууларыЧыгыш Европа Түздүгү Жаратылыш зоналарыЧыгыш Европа Түздүгү АдабиятЧыгыш Европа ТүздүгүАзов деңизиАй деңизиБалтика деңизиБаренц деңизиКавказКара деңизКарпат тоолоруКаспий деңизиКрым тоолоруОрусУрал тоолору

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Нуклеин кислоталарыУлуу Кыргыз ДөөлөтүОктябрь революциясыСөздүн маанисиКожожашСүйүнбай ЭралиевИчки Теңир-ТооКыргыздардын улуттук кийимиМанас эпосунун өзөктүк окуяларыОкутуу методуШамалInstagramКыргыз ССРинин КонституциясыСинонимСтилистикаТалас облусуТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыЖоомарт БөкөнбаевЭкологиялык факторлорТүрк кагандыгыИнсанКөркөм өнөрСоветбек БайгазиевОтоо чөпГлобалдык экологиялык проблемаларСак уруусуКлеткаОрозов КарамолдоТүштүк КореяКырк чороВенераБилимКутадгу билигСуу ЧечекМарт окуясы (2005)Чүкө оюндарыАта-БейитБайдылда СарногоевСаймалуу ташОмор СултановБюджетОрусияАмин кычкылдыктары (аминокислота)Жугуштуу ооруларФранцияЭкинчи дүйнөлүк согуш“Алтын кыз” (драма)Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүЖай сүйлөмКөкө уулу ЖеңижокГипертония оорусуГлобалдык көйгөйлөрАдеп-ахлактуулукУлуу Ата-Мекендик согушБиоценоздогу организмдер байланышыАжар (повесть)Ой жүгүртүү (философия)Шилекей бездериРоботМар БайжиевКыргызстандын чек араларыКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруКокон көтөрүлүштөрүTik TokКеп маданиятыСаспаев АманКайра жаралууЖуңгар хандыгыКүн атмосферасыСууга чөгүүТыныш белгилериКыргызстандын КонституциясыЭнесай Кыргыз кагандыгыӨлүмМахмуд КашгариСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)Ондук эсептөө тутумуФизикалык чоңдуктардын бирдиктери🡆 More