Фернан Магеллан – португалиялык деңиз саякатчы.
4. 1521, Филиппин, Мантан аралы] – португалиялык деңиз саякатчы. Анын экспедициясы Жер шарын биринчилерден болуп айланып чыккан. Малакка жарым аралына 2 жолу (1509, 1511) жеткен. Испаниялык экспедицияны (1519–21) жетектеген. Экспедициянын жүрүшүндө ал алгачкылардан болуп Түштүк Американы Оттуу Жер архипелагы менен материктин ортосундагы кысык аркылуу (Магеллан кысыгы) айланып, Тынч океанды кесип өтүп, Филиппин аралына жеткен. Ал жерде жергиликтүү калк менен кагылышууда курман болгон. 1522-жылы Магелландын экспедициясынан калган бир кеме (Х. С. Элькано башкарган «Виктория» кемеси) Африканын түштүгүн айланып өтүп, Испанияга кайткан. Бул саякатта Жердин шар формасында экендиги жана бирдиктүү Дүйнөлүк океандын бар экендиги биротоло далилденген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фернан Магеллан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.