Фаст-фуд (Тез татым) (англ. fast «Тез» жана food «Тамак-аш») — ден-соолукка зыяндуу жана майлуулугу жогору тамактар ошондой эле калория, же болбосо курсак ачып турганда бат даярдалчу капчыкка үнөмдүү даам.
Бул даам калориялуу болгондуктан адистер чени менен жегенди, курамына жашылчалардан көбүрөөк кошууну жана көк чай ичүүнү сунушташат.
«Оромо пицца»
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач тоок этин майда туурап, 10 мүнөт кууруп алабыз.
2. Каламаны 4 бөлүккө бөлүп, ар бирине куурулган тоок этин, майда тууралган помидорду, шпинатты салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз да, оройбуз.
3. Эми үстүнө бир аз кетчуп куюп, сырдан себелеп микротолкундуу мешке салабыз же табаны майлап ысыган кезде төрт тарабын кактап бышырып алабыз.
«Ысык чөнтөк»
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Камырды 4-5 миллиметр калыӊдыкта жаябыз.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, колбасаны ичке кесимдерге бөлүп кесебиз.
3. Жайылган камырдын жарымына алгач колбасанын кесимдерин тизип, үстүнө сырды себелейбиз да, экинчи бөлүгүн кайрып үстүн жабабыз. Эми муну өзүбүз каалагандай өлчөмдөгү кесимдерге бөлөбүз да, майланган табага салабыз.
4. Жумуртканын сарысы менен кесимдердин бетин сүртүп, 180 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөт бышырып алабыз.
«Даамдуу түтүкчө»
Керектелүүчү азыктар:
Кургатылган орегано
Даярдоо ыкмасы:
1. Камырдын жасалышы, жайылышы мантыныкындай эле болот. Жайылган камырды төрт чарчы (шапалак) түрүндө кесип алабыз.
2. Кесимдин теӊ ортосуна колбасанын жана сырдын кесимдерин салып, үстүнө ореганону себелейбиз. Эми камырдын үч учун ичкерини көздөй кайрып, түтүкчө түрүндө оройбуз. Кийинки учуна жумуртканын сарысын сүртүп бекитебиз.
3. Даяр болгон түтүкчөлөрдү ысып турган майга салып кызартып алабыз. Бул даамды кетчуп же атайын даярдалган соустар менен дасторконго берсеӊиз болот.
«Чөйчөкчө»
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач майга тууралган пияз менен фаршты 5 мүнөт кууруп алабыз.
2. Каламаны каалаган формада, тегерек же төрт чарчы түрүндө кесип алабыз да, майланган табага (кекс үчүн атайын таба) салып, ичине куурулган туурамжыны, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салабыз. Туурамжыга табитиӊизге жараша ар кандай азыктарды кошсоӊуз да болот. Мисалы, жумуртка, зайтун ашы, консерваланган жүгөрү, буурчактын түрлөрү.
3. Эми табаны 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 20-25 мүнөт бышырып алабыз. Бул даамды жашылчалардан жасалган салат менен дасторконго берсеӊиз болот.
Самса үчүн эң салттуу салмак - чийки эт - уй же козу. Бир аз май менен жаңы курамдык бөлүктөн жасаңыз.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Фаст-фуд, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.