Темп (лат.
Адегенде Темп нотада көрсөтүлбөгөндүктөн музыка мазмунуна жараша аткарылган. 17-кылымдан атайын итал. терминдер менен атала баштаган (мисалы, ларго, ленто, адажио – жай; анданте, модерато – орто, салмактуу; аллегро, виваче, престо – ыкчам). Кээде Темп музыкалык чыгарманын жанрына тийиштүү да айтылат (мисалы, вальс темпинде ж. б.). Метроном Темпти так аныктоого мүмкүндүк берет. Ошентсе да ал аткаруучу үчүн көрсөткүч катары кызмат кылат, анткени аткаруучу өз жөндөмүнө жараша Темптин ыргагын бир аз өзгөртүшү ыктымал. Кыргыз композиторлору Темптин кыргызча аталышын (мисалы, жай, ыкчам ж. б.) колдонушат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Темп, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.