Тайюань – Кытайдагы шаар, Шаньси провинциясынын административдик борбору.
Фыньхэ дарыясынын (Хуанхэнин алабы) боюнда. Калкы 3,0 млн (2011). Кара металлургия, оор (темир жолунун кыймылдуу курамы, аскердик машиналары) машина куруу (кара металлургия жана тоо-кен өнөр жай үчүн жабдуу), химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Эски паркта – Цзиньцы храмы (6-кылым; 17-кылымда 300дөн ашуун храм, павильон, салтанат бөлмөлөрү, айванча, көпүрөлөр курулган), борбордук бөлүгүндө жыгачтан салынган Шэнмудянь храмы (1023–31), Тайюанга жакын Тяньлуншань тоосунда үңкүр храмы (6-кылым) сакталган. Тайюанга жакын жерде космодром курулган. Тайюандын аймагынан таш көмүр (Сишань), темир кени казылып алынат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тайюань, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.