Сүань Цзань ( кыт.
玄奘, пиньинь: Xuánzàng, «Сырдуу балбан») (600–664) – кытай саякатчысы, будда динин туткан кечил. Борбордук Азияны кыдырып, андагы калктар тууралуу тарыхый маалыматтарды топтогон. 629–643-ж. Индиядагы ыйык жайларга барып сыйынган. Индияга ал Түркстан менен Жуңгариянын түндүк-батыш аймагы жана Орто Азиянын түндүк-чыгышы аркылуу жеткен. «Да Тан сиюй цзи» («Улуу Тан Батыш аймак жөнүндө баяндама») аттуу колжазмасында көп өлкөлөр тууралуу маалымат берген. Ал Музарт ашуусу аркылуу өткөндөн кийин, Ысык-Көлгө, андан Боом капчыгайын бойлоп отуруп, Чүй өрөөнүндөгү Су-йаб шаарына жетет. Сюань Цзань 630-ж. Батыш Түрк кагандыгынын ордосуна өзүн тааныштырган. Анын маалыматы боюнча, Суйабда негизинен ар кандай өлкөлөрдөн келген соодагерлер жашарын жана ал чоң кербен жолунда жайгашкандыгын, шаар аркылуу Чүй өрөөнүнүн түштүк тоо этегинде орун алган «Миңбулак» өлкөсүнө барууга болору айтылат. Мындан тышкары С.Ц. Невакет, Тараз ж.б. шаарларда да болуп, алардын тургундары жөнүндө маалымат жыйнаган.
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сюань Цзань, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.