Сыра — кермек даамдуу, алкоголу аз, аромат жыттуу, көбүктүү суусун.
Ал арпа угуту, кулмак жанa суу аралаштырылган ширеге спирт кошуп ачытуу жолу менен даярдалат.
Сыранын айрым сорту үчүн арпа угутунун ордуна күрүч, жүгөрү, арпа уну же шекер алынат. Сыра — сергитүүчү, чаңкаганды кандыруучу суусун. Сырада сортуна жараша 4—10% бат сиңимдүү зат, негизинен углевод, азыраак амин кислота, белок жанa минерал заттар болот. Мындан тышкары 1,8—6% спирт, 0,3—0,4% көмүр кычкыл газы, орг. кислота, ачуу жанa кермек даам, о. эле түс беруучу заттар бар. Сыра жасап чыгаруу технологиясы негизинен төмөнкү процесстерден турат: арпадан угут өндүрүү; сыра ширесин алуу жанa аны сыра ачыткысы менен ачытуу; ачытууну жетилтуу; чыпкалоо жана идишке куюу.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сыра, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.