Суу сактагыч - дарыя нуктарын (өрөөндөрүн) же оёң жерлерди бөгөп, суу топтоо үчүн курулган жасалма көлмө.
Адатта, суу с. чарбанын сууга болгон муктаждыктарын (калкты суу менен камсыз кылуу, сугат ж. б.) камсыздоо жана дарыя агымын жөнгө салуу (мис., ГЭСтердин иштөөсү, кеме каттоосу үчүн суу деңгээлин бир калыпта кармап туруу) максатында курулат. Аянты бир нече гектардан бир нече миң км2ге чейин, тереңдиги 100 мге чейин же андан ашык да болот. Жер шарында 30 миңден ашык суу с. бар (1996), алардын суусунун жалпы көлөмү 6 миң км3 ден ашык.
Суунун көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң чоң суу с. - Братск (Орусияда, көлөмү 169,3 км3,) ал эми аянты боюнча - Вольта (Ганада, аянты 8480 км2). Кыргызстанда Токтогул (Нарын дайрасында, көлөмү 19,50 км3), Киров (Талас суусунда, 550 млн м3), Ортотокой (Чүй суусунда, 470,0 млн м3), Төрткүл (Исфара суусунда, 90,0 млн м3.), Чилисай (Исфара суусунда), Найман (Кыргызата суусунда, 39,5 млн м3.) ж. б. суу саткагычтар бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Суу сактагыч, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.