Карл Стиг-Эрланд Ларссон (швед.
Ал "Миң жылдык" аттуу криминалдык романдар үчилтиги менен белгилүү. Чыгармалары анын көзү өтүп кеткенден кийин жарыкка чыгып, тасмаларга да ылайыкташтырылган. Ларссон көпчүлүк өмүрүн Стокголмдо жашап өткөргөн, журналистика жаатында жана оң канат экстремизми боюнча көз карандысыз изилдөөчү катары иштеген.
Ал 2008-жылы Халед Хоссейниден кийин дүйнөдөгү бестселлер жазуучулардын экинчиси болгон. "Миң жылдык" үчилтигиндеги "Аары уюгун бузган кыз" (англ. The Girl Who Kicked the Hornets' Nest) аттуу үчүнчү роман Publishers Weekly журналына ылайык, 2010-жылы Америка Кошмо Штаттарында эң көп сатылган китеп болуп калган. 2015-жылдын март айына карата анын сериялары дүйнө жүзү боюнча 80 миллион нуска менен сатылган.
...
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Стиг Ларссон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.