Тейит — этноним.
"Манас" эпосу боюнча Т-тер кыргыз урууларына кирет: "Кыпчак менен тейитти, Кыргызыңа кеткин деп Кыбылага сүрүп кейитти" (Сагымбай Орозбаков, 2. 165).
Т-тердин басымдуу көпчүлүгү илгертен бери эле Түштүк Кыргызстанды жердеп турушат. Алар ичкилик тобуна кирет. "Манас" эпосунда кыпчак жана башкалар уруулары менен бирге айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: "Катарлаш болуп Кошойго, Кара тейит, найманга Кабардаш болуп ошого" (Сагымбай Орозбаков, 2. 230), — деп кара тейит деген формасында да учурайт. Кара тейиттер Т-тин курамына кирет. Т. биздин республикабыздан тышкары Ооганстан (Кичи-Памир), Каратегинди (Тажикстан) да эчактан бери жердеп турушат. Мисалы, ал жердеги Т-тер Ош облусунун Т-териндей эле кара тейит, сары тейит, бай тейит, арык тейит, кочкор тейит, чал тейит, чапан тейит, чыгытыр тейит болуп бөлүнүшөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тейит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.