Сот адилеттиги – мамлекеттик ишмердиктин таризи, ал өзүнүн компетенциясына кирген – кылмыш-жаза кылмыштары, жарандык талаш-тартыштар ж.
б. жөнүндө иштерди кароодо жана чечүүдө көрүнөт. С. а. сот тарабынан мыйзамда белгиленген тиртипте ишке ашырылат. КР конституциялык мыйзамдарына ылайык С. а-нин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: а) С. а-нин сот тарабынан гана ишке ашырылышы; б) баардык соттордо иштердин ачык тергелүүсү (өзгөчө кароо мыйзам менен аныкталат); в) кылмыш-жаза жана башка иштерди сыртынан териштирүүгө жол берилбейт (өзгөчө кароо мыйзамда аныкталат); г) сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде ишке ашырылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сот адилеттиги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.