4. 1937, Ирак, Салах-эд-Дин, Аль-Ауджа кыш. - 30. 12. 2006, Багдад, Каджимайн району, Аль-Ауджа кыш.) - Ирактын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ирак президенти (1979-2003), Ирактын премьер-министри (1979-1991 жана 1994-2003), генерал Ахмад Хасан Бакрдын өкмөтүнүн вице-премьери (1968-1979), Араб социалисттик кайра жаралуу партиясынын (Баас) Ирак бөлүмүнүн генералдык секретарынын орун басары (1966-92), генералдык секретары (1992-2006), Ирак командачылыгынын Революциялык советинин төрагасы, маршал (1979).
1956-ж. улуттук Баас партиясына кирип, революциялык иштерге катышкан.
1959-ж. Ирактын премьер-министри Абдель Керим Касемге кол салууга катышып, ал ийгиликсиз аяктаган соң, Египетке качууга аргасыз болгон.
1963-ж. Баас төнкөрүшүнөн кийин мекенине кайтып келип, эки жыл түрмөгө камалган. * Ирак революциясынын (1968) жетекчилеринин бири.
1972-ж. нефть өндүрүү өнөр жайларын улутташтырып, модернизациялоо боюнча масштабдуу программа иштеп чыккан.
1979-ж. саясий атаандаштарына карата жазалоо иштерин жүргүзгөн. Ирактын түштүгүндөгү шииттердин жана түндүгүндөгү курддардын кыймылдарын баскан.
1980-88-ж. Иран менен согушкан. Согуштун жүрүшүндө курддарга каршы «Анфаль» операциясын ишке ашырган. Ирак согушта миллиондой адамынан ажырап, 900 миллиард доллар материалдык зыян тарткан.
1991-ж. Персид булуңунда АКШ жана Улуу Британия башында турган көп контингенттүү аскер бирикмеси Иракты бомбалап, Кувейттен Ирактын аскер күчтөрүн сүрүп чыгарган. 21-кылымдын башында Хусейн өлкөнү исламдаштыруу аракетин жасаган.
2001-ж. 11-сентябрдагы АКШдагы террордук актьвдан кийин Жорж Буш Иракка каршы басым жасап, Хусейнди «Аль-Каеда» террордук уюму менен кызматташ, 11-сентябрда АКШга чабуул койгон, массалык кыргын салуучу куралдары дүйнөгө коркунуч туудурууда деп күнөөлөгөн.
2003-ж. 20-мартта АКШ, Улуу Британия жана Австралия коалициясы Иракка кол салган. 9-апрелде Багдад талкаланып, Хусейндин режими кулаган. 13-декабрда С. өзү америкалык аскерлердин колуна түшүп, 2006-ж. 30-декабрда дарга асылган.
Колдонулган адабияттар
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Саддам Хусейн, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses. ®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.