Принципат (латынча princeps – биринчи, башчы) – Байыркы Римде алгачкы империянын тушундагы (биздин заманга чейинки 27 – биздин замандын 193) монархиянын өзгөчө формасы.
Анда айрым республика мекемелер өзүнчөлүгүн формалдуу сактап, ал эми император принцепс деп аталган. Принципат системасы Августтун тушунда калыптанып, ал жана анын мураскерлери жогорку жарандык жана аскердик бийликти өз колуна алышкан. Ал эми чыныгы бийлик императордук бюрократтык аппараттын колунда болуп, алардын штаты жана иштөө сферасы улам кеңип турган. [[Категория: Терминдер жана түшүнүктөр]
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Принципат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.