Пингвиндер (лат.
Уз. 40—120 см, салм. 3—42 кгга жетет.
Денеси мамык жүн менен жыш капталган. Боору агыш, жону кара же кара көгүш, айрымдарынын башында сары тагы же үрпөгү болот. Төш сеөгү, андагы булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Канаты калакка окшош, сүзгөндө, чумкуганда сууну шилейт, таманы.
Каргакчалуу, куйругу кыска. Кээде Пингвиндер сууда дельфин сыяктуу секирип сүзөт. Кургакта начар басат, кар үстүндө кээде боору менен жылат. Алардын 6 уруусунун 18 түрү белгилүү. Субантарктика, Антарктидада жанa Галапагосс аралында, Австралиянын түш. жээктерннде ж. б. таралган. Топтошуп (миллионго жакын), айрымдары анча чоң эмес топ куруп же жалгыздан океан жанына уялашат. Уясын аскага, музга салат, кээ бирлери ийин казат. Император Пингвиндердин эркеги жалгыз жумурткасын бутунун жаргакчасында кармап, боорундагы тери бүктөөсү менен жашырып 65 күнчө, ал эми Адели Пингвиндеринин эркеги менен ургаачысы 35 күнчө басат. Балапандары калың түк менен капталып, семиз болот. Алар балык, моллюска жана майда рак сымалдар менен азыктанат. Эти желбейт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Пингвин, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.