Невропатология — медицинанын нерв системасынын ооруларынын өөрчүү себептерин изилдеп, аларды диагноздоо, дарылоо жана алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу тармагы.
Бул оорулардын хирургиялык жол менен дарылоо методдору — нейрохирургия; психикалык ооруларды психиатрия изилдейт. Невропатологиянын терапиялык негизин нерв системасынын түзүлүшүн, функциясын изилдөөчү неврология түзөт. Азыркы невропатологиянын максаты — мээ менен жүлүндөгү кан айлануу системасынын начарлашынын негизги себептерин терең изилдөө, алдын ала чара көрүү.
Невропатолог — нерв системасынын ооруларына диагноз коюу, аны дарылоо, алдын алуу боюнча атайын даярдалган адис-врач.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Невропатология, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.