Монтсеррат – Улуу Британия ээлиги.
Кичи Антил аралдары архипелагынын курамындагы Монтсеррат аралында жайгашкан. Пуэрто-Рикодон Түштүк-Чыгыш тарапта. Аянты 102 км2. Калкы 4,9 миң (2011). Расмий тили – англис тили. Административдик борбору – Плимут (калкы 3500).
Х. Колумб тарабынан 1493-жылы ачылган. 1632-жылы сүргүнгө келген католиктер тарабынан алгачкы англис тилинде тургун жай негизделген. 17–18-кылымда Англия менен Франция аралга ээ болуу үчүн күрөшүп келген. 1871–1958-жылы Монтсеррат Ылымта аралдар ээлигинин, 1958–62-жылы Вест-Индия федерациясынын курамына кирген. Ал Чыгыш-Кариб мамлекеттер уюмунун жана Региондук коопсуздук системасынын мүчөсү.
Климаты субэкватордук деңиздик. Абанын температурасы океандын жээктеринде 24˚Сден 35˚Сге чейин, тоолордо 18–27˚С. Жылдык жаан-чачыны 800–3000 мм (майдан ноябрга чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаайт). Жайдын аягынан, күздүн башталышына чейин тропик урагандары болуп турат. 1995-жылы Хилл жанар тоосу атылып, аралдын аймагынын 2/3 си ээн калган. Калкынын негизин африкалыктар түзөт. Төрөлүү 1000 кишиге – 14,3 киши, өлүм-житим – 9,9. менены 1960-жылы кабыл алынган конституция боюнча Улуу Британия королевасы дайындаган губернатор башкарат, о. эле ал Аткаруу кеңешинин башчысы да болуп эсептелет. Монтсеррат байыртадан эле Вест-Индиядагы «Жакут аралы» деген аталыш менен белгилүү. Монтсерраттын өкмөтү туристтердин көп келишине каршы, ошондуктан аралдын көптөгөн жери адамдын буту тийбеген бойдон калып келүүдө. Эс алуунун өнүккөн түрү – жөө жүрүү туризми. Аралдагы токойлорду жөө аралап басуу кеңири таралып, ал туризмдин негизин түзөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Монтсеррат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.