Сэр Майкл Филипп Жаггер (англ.
Жагер чыгармачылыкка 56-жылдан ашык арнап "рок-н-рол тарыхында эң популярдуу жана таасирдүү фронтмен" деп мүнөздөлөт. Жаггердин өзгөчө үнү жана аткаруусу Кит Ричардстин гитарада ойногону менен бирге Rolling Stones топтун чыгармачылык тарыхы бою танытмасы катары жүрүшкөн. Жаггер баңгизат колдонуу жана романтикалык мамиле тартышууларга тийиштүү болгону үчүн көптөгөн учурда маданият тартиптерине дал келбеген инсан катары сүрөттөлгөн.
1960-жылдырдын аягында Жаггер тасмаларда роль аткарган ("Оюн" (англ. Performance) жана "Нед Келли" (англ. Ned Kelly) тасмалардан баштаган). 1985-жылы ал She's the Boss алгачкы альбомун жаздырып чыгарган. 2009-жылдын башында Жаггер Super Heavy электр музыкалык супер-топтун мүчөсү болгон. 1989-жылы Жаггер Рок-н-роллдун атак-даңк музейине киргизилген, ал эми 2014-жылы Rolling Stones тобу менен бирге Улуу Британиянын музыкалык атак-даңк музейине киргизилген. 2003-жылы поп-музыкага жасаган салымына рыцардык наамына ыйгарылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мик Жаггер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.