Мешхед – Ирандын түндүк-чыгышындагы шаар.
Хорасан останынын административдик борбору. Кешефруд дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2006). Жол тоому. Темир жол станциясы. Тамак-аш (кант, тамеки ж. б.), текстиль, булгаары жана металл иштетүү ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токуу, асыл таштарды иштетүү) өнүккөн. Алгач 10-кылымдан эскерилет. Мусулман шейиттердин ыйык шаары. Университет бар. 12–19-кылымдын архитектуралык ансамблдери, мечит (Гаухаршад, 15-к.), имам Резанын күмбөзү жана Мешхедге жакын жерде фарси жана тажик акыны Фирдоусинин мүрзөсү сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мешхед, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.