Метеорологиялык станция – атмосферага жана жер бетине үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп туруучу илимий мекеме.
Негизинен метеорологиялык элементтерди, ар кандай кубулуштардын белгилеринин бир убакта өзгөрүшүн (башталышын, бүтүшүн, аракетин) изилдейт. Биринчи станция 18-кылымда ишке киргизилген. Петербургда Башкы физикалык обсерватория ачылгандан кийин (1849) Метеорологиялык станциялар бирдиктүү жетекчиликке ээ болгон. Байкоо жүргүзүүнүн жалпы программасы түзүлгөн. Станциянын курамына метеорологиялык аянтча (термометри, гидрометри бар психрометр будкасы, шамалдын ылдамдыгын, багытын, күчүн өлчөөчү аспап, жаан-чачын өлчөгүч жана топурак термометри ж. б.), кызмат үйү (барометр, көчүрмө аспаптар, маалымат жыйынтыктоо бөлүмү бар) кирген. Байкоо жүргүзүү иштери атайын программа боюнча 3 же 6 саатта, кээде саат сайын, 10 мүнөттүн ичинде жүргүзүлүп турат. Маалыматтар шарттуу белгилер (код) менен сандык маалымат түрүндө тийиштүү жерге (аба ырайы бюросуна, авиаметеостанцияга) жиберилет. Станциядан алынган маалыматтар аба ырайы боюнча прогноз түзүүдө колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Метеорологиялык станция, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.