Лоуренсий (лат.
Lawrensium, Lr) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К. н. 103, ат. м. 260. Л. массалык сандары 252Lr - 260Lr болгон 9 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 260Lr. Л. жасалма ыкма менен алынган радиоактивдүү элемент. 1961-ж. амер. окумуштуулар А.Гиорсо, Л.Сиккеланд жана Ларштар жаңы элементтин алынгандыгы ж-дө билдиришип, аны амер. белгилүү физик Э.Лоуренс атынан атоону сунушташкан. 1971-ж. амер. окумуштуулар Л. массалык сандары 257Lr, 258Lr жана 259Lr болгон изотопторун синтездешкен да, Л. 1-ачкандар ишин толук далилдешкен. Л. иондошуу потенциалы ЭВ – 5,83; бирикмелеринде окистенүү даражасын+3 Л. изотоптору өтө аз санда алынган. Хим. касиеттери б-ча оор актиноиддерге окшош болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Лоуренсий, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.