Көптүктөр Теориясы

Көптүктөр теориясы– философиядагы чексиздик проблемасын так каражаттар менен изилдеп үйрөтүүчү математиканын бөлүмү.

Г. Кантор (1845–1918) тарабынан негизделген.

Көптүктөр теориясынын предмети көптүктөрдүн (жыйындылар, класстар, аксиомалар) касиеттери болуп саналат. Көптүктөр теориясынын фундаменталдык жобосу чексиздиктин ар түрдүү «иретке» келтирүүгө кызмат кылат. Классикалык Көптүктөр теориясы чектүү мейкиндигиндеги логиканын, талашсыз принциптерин логикалык чексиз көптүккө колдонуу мүмкүнчүлүгүн таануудан келип чыгат. 20-кылымдын башында Көптүктөр т-нын өнүгүшү менен формалдуу логиканын мыйзамдарын чексиз көптүккө колдонууга байланыштуу кыйынчылыктар келип чыккан. Буга байланыштуу математикалык таанып билүүнүн гносеологиялык маанилүү маселеси: математкалык түшүнүктөрдүн табияты, алардын реалдуу дүйнөгө математикалык бар болуу түшүнүгүнүн конкреттүү мазмуну ж. б. жөнүндө маселе коюлду. Талаш-тартыштардын жүрүшүндө математиканын философиясында формализм, интуиционизм, логицизм, конструктивдүү багыт сыяктуу агымдар пайда болду. К. т-нын методдору азыркы математиканын бардык тармагында кеңири колдонулат. Математиканы логикалык каражаттарга негиздөөнүн бардык маселелери К. т. негиздөө маселесине келип такалат. Бирок, К. т-нын өзүн негиздөөдө азыркы учурда да жоюла элек бөгөттөр бар.

Колдонулган адабияттар

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 204,I0SBN 9967-14-020-8

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Мендель мыйзамдарыЭтишМоголстанУкукКумурскаМ.В.Фрунзенин Мемориалдык Үй-музейиКол өнөрчүлүкИшмердүүлүкКанадаМолдо Нияз Эрназар уулуТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыКылмышДем алууБаткен облусуТоп гүлЖарандык укукМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыРепортажИбраев, ЭсенгулТүркияОсмоналиев КачкынбайФонемаБышыктоочЧуст маданиятыКыргызстандын аялдарыЭкосистемаТолкун узундугуОоз көңдөйүКан айланууЗат атоочКартаНеолитМанастын күмбөзүУмай энеЖамийла (повесть)Сөз байланышыГенетикаБоз үйдүн негизги жабдууларыМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыХунДүйнөгө болгон көз карашИнсан«Манасчылар»IP-дарекРоза, гүлБаба дыйканИлон МаскМухаммед пайгамбарБайламталарДелбиримТоп жылдызИнсайтАт атоочМанас эпосуДраматургияЭмчектеги балаӨлкөлөрдүн борбор шаарларынын тизмесиМанасчыЭлечекФразеологизмБаңгиликТүрЖылкы породаларыМар БайжиевДифракцияЖалал-АбадКыргыз ашканасыБиоценозКыргызстандын экологиялык көйгөйүГрамматикаКыргызстандын шаарларыФизикалык чоңдуктардын бирдиктериИтМолдокасымов, Кыяс Сатар уулуИчки Теңир-ТооКиринди сүйлөмЧүй облусу🡆 More