Элдик ооз эки чыгармалар турмуштук функциясына, аткаруу мүнөзүнө карай түрлөргө бөлүнөт.
XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, түндүк кыргыздар Россияга өз ыктыяры менен кошулат. Натыйжада элдин жашоо тиричилигине, турмушуна өзгөрүүлөр, жаңылыктар кире баштайт. Бирок, кыргыздардын коомдук түзүлүшү эч өзгөрүүсүз калып, жергиликтүү эмгекчилер эки тараптан — бай-манаптардын жана падышалык чиновниктердин эзүүсүнө дуушар болушат. Падышалык Россия кыргыз элинин турмушунда, экономикасында, маданиятында өсүштүн болушуна кызыкпастан, жергиликтүү элди эзип, караңгылык абалында болушун каалаган. Ага карабастан карапайым орус жана кыргыз эмгекчилеринин арасында ой тилеги бир жерден чыккан боордошуу, бири-бирин түшүнүп, жакындашуу өңдүү мамилелер күн санап өсөт. Кыргыздар орус эмгекчилеринен дыйканчылыктын, кол өнөрчүлүктүн айрым түрлөрүн, өнөр жайынын кээ бир майда-бараттарын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындай жаңылыктар кыргыз элинин маданий турмушуна да сиңип, өлкөнүн жаратылышы, байлыгы, элдин тарыхы, тили, оозеки чыгармалары, маданияты орус окумуштууларын кызыктырып, алар тарабынан жыйнала жана изилдене баштайт. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйноону, изилдөөнү Октябрь революциясына чейинки жана советтик түзүлүшү мезгилиндеги деп эки учурга бөлүп кароого туура келет. Революцияга чейин кыргыздын маданий мурасын, оозеки чыгармачылыгын жыйноого, изилдөөгө киришкен окумуштуулардын бири — казак элинин агартуучусу Чокон Валиханов (1835—1865) болгон. Ал биринчи жолу 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүн топографиялык картага түшүрүүнү максат кылып койгон аскердик экспедицияга катышат. Ысык-Көл өрөөнүндөгү бугу уруусунда болуп, кыргыздардын тарыхына, этнографиясына тиешелүү материалдарды, ошондой эле, анын оозеки чыгармачылыгынан бай материалдар жыйнап алган. Ч. Валихановдун жыйган материалдарынын негизгиси «Манас» эпосунун айрым окуялары.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыз элдик оозеки чыгармалар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.