Кокон шаары (Эски аталуусу: Эски-Коргон) — Өзбекстандын Фергана облусундагы шаар.
Фергана ойдуңунун түштүк-батышында, Сох дарыясынын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 206 миң (2008). Темир жол тоому. Жеңил (пахта тазалоочу заводдор, байпак комбинаты, тигүү ф-касы), химиялык, тамак-аш (май), машина куруу жана металл иштетүү (текстиль жана электр-техникалык өнөр жайы үчүн) өнөр жайы бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу жана фосфор жер семирткичин чыгарат. Педагогикалык институт, театр, X. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу жана адабият музейи бар.
Кокон | |
өзб. Qo‘qon/Қўқон | |
Тарыхы жана Географиясы | |
---|---|
Калкы | |
Расмий тили | Өзбек тили |
Калкынын саны | ([[]]) |
Жыштыгы | адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Алгач 10-кылымда Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эскерилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жолдун жээгинде жайгашкан. 13-кылымда моңголдор тарабынан талкаланган. Кийин Кокон шаарынын ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-ж. Кокон хандыгынын борбору, диний ордосу болгон. 1876-ж. Россия империясына кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугундагы Фергана облусунун курамына кирген. Орто Азиядагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы — 18-кылымдын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана облусундагы Кокон районунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Республикасынын курамында. 18-19-кылымдын архитектуралык эстеликтери [Медресе-и Мир (18-кылымдын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит); Дахмаи-Шохон жана Мадари-хан күмбөздөр ансамбли (экөө тең 1825); Кудаяр хандын ак сарайы (1871); Камол казы, Зимбардор жана Хуржам медреселери (баары 1827) жана башкалар] сакталган. Кокон шаарындагы мурдагы орус банкынын имараты (1903, 1963-жылдан Гафур Гулям атындагы адабият музейи), Крафттардын үйү (1903, азыр шаардык аскер комиссариаты) жана башкалар бар. Эстеликтер (граждандык согуштун баатырларынын боордоштук бейити түбөлүк от жана обелиски менен, 1965; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, 1981; «Эстелик-Хотира» мемориалдык комплекси, 1985 жана башкалар) орнотулган. Кол өнөрчүлүк (жезди чегелөө, токуучулук, жыгачты кооздоо) өнүккөн. Элдик искусствонун көөнө борбору.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кокон шаары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.