Кан сары суусу - кандын кан элементтери жана фибрини жок суюк бөлүгү.
Алар жугуштуу ооруларды алдын алууда же микробдордун жана уулуу жаныбарлардын токсиндери менен ууланууну дарылоодо колдонулат. Кан сары суусунун коргогуч жана дарылоо касиети андагы өзгөчө бирикмелер - антителолор менен байланыштуу. Алар киши менен жаныбарлар организмине түрдүү белогу бар агенттер киргенине жооп кайтарып берүү үчүн пайда болот. Көп убакыт, кээде өмүр бою кишинин Кан сары суусунда антителолор сакталып жүрө берет.
Мисалы, кээ бир жугуштуу оору менен ооруган кишилерге ал оору кайрадан жукпайт. Токсиндерге каршы антитоксиндер болот. Өзгөчө, чекир жылан, чаар жылан, гюрза, кара курт, чаяндын ууларына каршы Кан сары суусу абдан натыйжалуу.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кан сары суусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.