Кайруан – Тунистин түндүк-чыгышындагы шаар.
Калкы 102 миң (1999). К. магриб мусулмандарынын зыярат кылуучу жайы. Шаар 670-ж. негизделген. 9-кылымда Аглабиддер мамлекетинин борбору болгон. 11-кылымда бедуиндер шаарды бүлгүнгө учураткан. 1881-ж. француз колониячылары басып алган. 1956-жылдан көз каранды эмес Тунистин курамында. Өлкөнүн маанилүү тарыхый, диний жана соода, кол өнөрчүлүк борбору. Килем токуу, булгаары буюмдарды жасоо жана тамак-аш өнөр-жай өнүккөн. Түндүк Африкадагы эң эзелки Сиди-Окба мечити (670ж. курулуп, 836-ж. кайрадан салынган; бир нече жолу толукталып, 13жана, 17-кылымда, андан кийин да реставрацияланган) сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кайруан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.