Казан ― Орусиядагы шаар, Татарстандын борбору (1920-жылдан).
Волганын сол жээгинде, ага Казанка дарыясы куя бериште жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008); калкынын саны боюнча Россиядагы 8-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Волга дарыясынын сол өйүзүндөгү ири дарыя порту. Метрополитен иштейт (2005-жылдан).
Археологиялык изилдөөлөрдөн алынган маалыматтарга таянсак, 10—11-кылымдарда пайда болгон. Болгарлар тарабынан 1177-ж. негизделген. 13-кылымдын аягынан Булгараль-Жадид (Жаңы Болгар) деп аталган. 1438—1552-ж. Казан хандыгынын борбору. 1708— 1920-ж. Казан губерниясынын, 1920-жылдан Татар АССРинин (1990—92-ж. Татар ССРи, 1992жылдан Татарстан Республикасынын) борбору. Машина куруу (самолёт, ЭВМ ж. б.), металл иштетүү заводдору, хим, нефть-химиялык (жасалма каучук, кинофото ж. б.), химиялык, фармацефтика, жеңил (механикалык, тери ж. б.), тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Татарстан Илимдер Академиясы (1991), Россия Илимдер Академиясынын Казан илимий борбору (1945, анын курамында органикалык жана физикалык химия, физика-техника, механика машина ж. б.), 29 мамлекеттик Жогорку окуу жайлары (анын ичинде Казан мамлекеттик университети, консерватория), китепканалар, музейлер, «Казан» улуттук борбору, 6 театр (анын ичиндеопера жана балет), цирк, филармония, обсерватория бар. Казандын 2005-ж. өткөрүлгөн 1000 жылдык юбилейине карата бир нече заманбап курулуштар (анын ичинде Кул-Шариф комплекси ж. б.) курулган. Архитектура эстеликтери: Кремль ансамбли (16-18-кылым), анын ичинде Сүйүмбеки мунарасы (17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башы), Петропавловский собору (учурда планетарий, 18-кылым), Маржан мечити (18-кылым), Казан университетинин имараттар комплекси (19-кылым). Жыл сайын эл аралык түрк элдеринин театр (1989), классикалык балет (1987), опера (1982), «Алтын Минбар» мусулман кино (2005) фестивалдары өткөрүлүп турат. 2005-ж. топ менен ойнолуучу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Казан (шаар), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.