Ийне Терилүү

Ийне терилүүлөр (лат.

Узундугу бир нече ммден 1 мге чейин, тукум курут болгондору 20 мге чейин жеткен. Ийне терилүүлөр жылдыз (деңиз жылдыздары), гүл (деңиз лилиялары), тоголок (деңиз кирписи), курт же бадыраң (голотуриялар) ж. б. формада болот.

Ийне Терилүү
Ийне терилүүлөр.
Ийне Терилүү
Деңиз лилиялары.

Денеси ар кандай радиустагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Эркин жашоочуларынын оозу курсак бөлүгүндө (оралдык), бөлүп чыгаруу жылчыгы жон жагында (аборалдык) болот. Бир нерсеге жабышып жашоочуларынын оозу, бөлүп чыгаруу жылчыгы бири бирине жакын жана дененин үстүнкү жагында жайгашкан. Скелетинде акиташ пластинкалары, алардан башка ийнечелери жана педицеллярийлери болот. Ийнечелер (өзгөчө деңиз жылдыздарыныкы 30 смге жетет) кыймылдоо милдетин аткарса, педицеллярийлер (деңиз жылдызында жана кирписинде) кыпчуур сыяктанып, коргонуу, денесин тазалоо кызматын аткарат. Нерв системасы оралдык нерв шакекчелеринен жана радикалдык нервдерден турат. Сезүү органдары начар өөрчүгөн. Ичегиси түтүк же баштыкчадай. Кан жүрүү системасын курсак, жон шакекче тамырлары жана радиалдык тамырлар түзөт. Атайын бөлүп чыгаруу органы жок. Алар жай кыймылдоочу, айрым жыныстуу деңиз жаныбарлары. Бардык ийне терилүүлөр жыныстык, кээ бирөө жыныссыз жол менен көбөйөт. Жыныс продуктуларын сууга таштап, жумуртканын уруктанышы жана түйүлдүктүн өөрчүшү сууда метаморфоз жолу менен өтөт. Көпчүлүгү жырткычтар, майда омурткасыздар, кээ бири суу өсүмдүктөрү менен азыктанат. Деңиздин түрдүү тереңдигинде кездешет. Алардын 2 типчеге кирген 6 миңдей түрү көбүнчө ар кандай туздуулуктагы бардык океан, деңиздерде жээктен тартып 11 км тереңдикке чейин таралган. И. т. балык ж. б. жаныбарларга жем болот. Кытайда, Японияда ийне терилүүлөрдүн түрлөрү (голотурия, деңиз кирписи ж. б.) тамак катары пайдаланылат. Жер Ортолук деңиздеги деңиз кирпилеринин икрасы тамакка колдонулат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

ГолотурияларДеңиз жылдызыДеңиз кирписиДеңиз лилияларыЛатын тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КутурмаКөкөтөйдүн ашыAppleТүйүлдүкЖумушсуздукТүрдүн пайда болушуТрапецияТоталитаризмКыргыз уяң жүндүү коюНарынЖукеев ТабылдыКүн энергиясыПрокси серверСүйлөм мүчөлөрүБөйрөкМанас эпосу. Саякбай Каралаевдин вариантыАйыл чарбаСөздүн маанисиАк канКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүЦивилизацияМөңгүТемир жолДүйнөлүк диндерАлай өрөөнүЭкинчи дүйнөлүк согушАсанкан ЖумакматовБоз үйСөөк системасыШүкүрбеков РайканАбсамат МасалиевБек БорбиевКөкө уулу ЖеңижокТаанып-билүү теориясыШах Фазил күмбөзүСот бийлигиМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Улуу БританияСоветтер Союзунун баатырыКыргыз аттарыАскердик антЖетимишев СейитДиалектАйкындоочУсун мамлекетиПлазмаАбдыкерим СыдыковМуун (лингвистика)Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)Кутадгу билигСын атоочКыргыздын улуттук кийимдериИчки Теңир-ТооНарын мамлекеттик коругуБуржуазиялык революцияБир сомШайлообек ДүйшеевКызылча (оору)Дивану лугати т-туркӨзгөчө кырдаалГаздардагы электр разрядыАмерика Кошмо ШтаттарыАтакенин ак болотуАбанын булганышыЖаргак шымКемтик сүйлөмТукум куугучтукФергана тоо тизмегиФотосинтезБарпы Алыкул уулу«Замана» агымыБиринчи мугалимТөрөттөн кийинки мезгилТеңир-ТооЧүкө оюндарыШатман СадыбакасовТоктогул ырчы🡆 More