Калып:Акимчилик бирдиги
Жамбыл облусу - Казакстан Республикасынын түштүгүндө. 1939-ж. 14-октябрда уюшулган. Аянты 144,5 миң км2. Калкы 983,9 миң (1999). Облуста 10 административдик район, 4 шаар, 13 шаарча бар. Борбору – Тараз шаары. Аймагынын көп бөлүгү түзөң келип, түндүгүн Бетпак-Талаа, Моюн-Кум (бийиктиги 665 м, Байкара тоосу) чөлү ээлейт. Түштүк-батышындагы Барак-Тоо (бийиктиги 1660 м), чыгыш жана түштүк-чыгышында Жел-Тоо, Ай-Тоо (1506 м), түштүгүндө Кыргыз Ала-Тоосу (400 м) жатат. Климаты континенттик, январдын орточо температурасы –10…–12ᵒС, июлдуку 25–26ᵒС. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрүндө 100 ммден 500 ммге, тоолорунда 800–900 ммге чейин. Агын суулары өтө аз, ирилери: Чүй, Талас, Асса жана башка Түндүк-чыгышында Балкаш көлү жайгашкан. Газ, фосфорит, түстүү металл (алтын, күмүш), таш көмүр, барит, гипс, туз, курулуш материалы казылып алынат. Боз, шор, шортоң топурак басымдуу. Тоо этектеринде коңур-кызыл топурак таралган. Чөлдөрүндө сөксөөл, чий, Чүй, Талас сууларынын боюнда тал-терек, тоолорунда арча, ыргай жана башка өсөт. Тоо-кен, химия, жеңил, тамак-аш, булгаары-бут кийим, фосфорит өнөр жай, спирт, май заводдору бар. Дан эгин (буудай, арпа), жүгөрү, кант кызылча, картөшкө, жашылча-жемиш айдалат. Бакчачылык, жүзүмчүлүк, эт-сүт багытындагы мал чарбасы, каракөл коюн өстүрүү өнүккөн. Ири автомобиль жолу – Алматы – Мерке – Чымкент. Облустун аймагы аркылуу Бухара – Алматы газ кууру өтөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жамбыл облусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.