Ереван (арм.
Өлкөнүн ири экономикалык, саясий жана маданий очогу. Арарат түздүгүнүн Түндүк четинде, бир аз бөлүгү жанартоолуу платодо, Раздан дарыясынын капчыгайында жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2007). Ереванга жакын Звартноц эл аралык аэропорту жайгашкан. Метрополитен (1981).
Ереван | |||
арм. Երևան | |||
| |||
Өлкө | Армения | ||
---|---|---|---|
Шаар | Ереван | ||
Ички бөлүнүшү | 12 округ | ||
Мэр | Тарон Маргарян | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү | 782-ж. б. з. ч. | ||
Биринчи белгиленген | 782-ж. б. з. ч. | ||
Мурунку аталышы | Эребуни, | ||
Аянты | 223,28 | ||
Бийиктиктиги | 900-1300 | ||
Климатынын түрү | |||
Калкы | |||
Калкынын саны | 1,068 млн (2014) | ||
Жыштыгы | 4783,2 адам/км2 | ||
Улуттук курамы | |||
Диний курамы | христиандар | ||
Этнохроним | еревандыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +4 | ||
Телефон коду | +374 (10) | ||
Автоунаа коду | 01-10, 11-13 (2007-ж. тарта), | ||
http://www.yerevan.am/ru/ |
Ереван – дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири. 6-кылымдын башынан эскерилет. 782-ж. Урарту падышасы Аргишти I Эребуни чебин курдурат, кийинчерээк бул жерде Ереван шаары пайда болот. 1440-жылдан Чыгыш Армениянын административдик жана соода-кол өнөрчүлүк, 1604–1828-ж. Эриван хандыгынын борбору. 1826–28-жылдагы орус-иран согушунда Ереванды орус аскерлери каратат да, Түркмөнчай келишими (1828) боюнча Россияга кошулган. Армения Республикасынын (1918–20), Армян ССРинин (1920–1990), Армян Республикасынын (1990-жылдан) борбору. Ереван – өлкөнүн индустриялуу ири борбору. Арменияда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 50%ке жакыны чыгарылат. Ар түрдүү машина куруу, компьютерлер, радиотехникалары жана өлчөөчү приборлор, химия жана нефть-химия, химия-фармацевтика, кара металлургия, жеңил, тамак-аш, алюминий, курулуш материалдары, косметика каражаттарын чыгаруучу өнөр жай ишканалары иштейт. Тейлөө чөйрөсүндө байланыш жана телекоммуникация сектору жана финансы-банк тармагы өнүккөн. Ереван – Армениянын илимий, маданий жана билим берүү ири борбору. Армения ИА, бир нече университет, байыркы кол жазмалар институту, китепканалар, консерватория, 13 театр, 21 музей, филармония бар. Эстеликтери: «Егерн» (1915-жылдагы армян геноцидинин курмандыктарына), «Майр Айастан» («Эне-Армения» монументи), «Ераблур» (Карабах согушунун баатырларына) жана башка урартунун, Эребуни жана Тейшебаини шаар-чептеринин урандылары, Авандагы Ыйык Ованес (13-к.) (крест-кумпалуу Катогике (13-к.), Аствацацин Зоравор (1691–1705) чиркөөлөрү, кафедралуу собордун калдыктары (591–602), ак сарайлар (6-кылымдын аягы) жана башка сакталган. Евевандын көпчүлүк турак-жай курулуштары жергиликтүү кызгылтым туфтан курулгандыктан, «Кызыл шаар» деп да аталат. Евеванда А. Хачатурян атындагы Музыкант-аткаруучулардын эл аралык конкурсу, «Жаз панорамасы» эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Еравандан 20 км батышта Вагаршапат шаары, 24 км түндүктө Арзни курорту жайгашкан. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ереван, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.