Голсуорси Жон - (14.
8. 1867, Лондон – 31. 1. 1933, ошол эле жер) – англиялык жазуучу. «Форсайттар жөнүндө сага» (1906-21), «Учурдагы комедия» (1924–28) үчилтиктеринде 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын 30-жылдарына чейинки англиялык буржуазиянын адеп-ахлагын эпикалык планда сүрөттөп, жеке менчиктин коомдук жана жеке турмуштагы ролун ачып көргөзгөн. «Башчынын өлүмү» (1931–33) үчилтигинде консервативдүү тенденциялар байкалат. Ал «Учурдагы тарых», «Ак маймыл» (1924), «Күмүш кашык» (1926), «Ак куу ыры» (1928), «Идиллия», «Кездешүү» (1927), «Кызымдын досу» (1931), «Гүлдөгөн талаа» (1932), «Өзөндөн кийин» (1933) аттуу новеллалардын, ошондой эле «Фарисейлер аралы» (1904), «Короо жай» (1907), «Боордоштор» (1909) романдарынын жана «Күмүш куту» (1909), «Күрөш» (1909), «Жансыз алгырлык» (1920) ж. б. драмалык чыгармалардын автору. Г. публицистикаларында реализм принциптерин коргогон. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1932).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Голсуорси Жон, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.