Гоби - (монг.
Монголия менен Кытайдын аймагында. Түндүгүнөн Моңгол Алтай жана Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань жана Алтынтаг тоолору менен чектешет. Узундугу 2000 кмдей, туурасы 400 кмге чейин. Аянты 2 млн км2дей. Басымдуу бөлүгү бийиктиги 900–1200 мге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу жана кумдуу чөлдөр, оёңдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик; жайкы (45°С) жана кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал жана баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө жана эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги мал-чарбачылык (төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык. Монголиянын чегинде Чоң Гоби коругу уюшулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гоби, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.