Галогендер (гр.
Наls — туз жана genesis — жасоо; туз жасаган) — Элементтер мезгилдик системасы VII группа элементтери (фтор F, хлор Cl, бром Br, иод I, астат At). Металлдар менен кошулганда туз пайда кылгандыктан, галогендер деп аталат. Молекулаcы 2 атомдон турат. Сырткы электрондук деңгээлинде 7 электрон болуп, туруктуу деңгээл пайда кылууга 1 электрон жетпейт. Металлдар менен кошулганда алардын бир электронун өзүнө тартып алып, окистендиргич касиетке ээ болот. Алар реакцияга абдан тез кирүүчү металлоиддер. Көпчүлүк элементтер менен түздөн-түз кошулуп, галогенидди пайда кылат. Хим. активдүүлүгү, фтордон иодду көздөй атомдук радиусу чоңоюшу менен төмөндөйт. Кадимки шартта фтор менен хлор — газ, бром суюк, иод менен астат — катуу зат. Астат — радио-активдүү элемент. Суу менен кадимки шарт-та газ абалындагы сууда жакшы эрүүчү суутек галогенин пайда кылат. Алардын суудагы эритмеси күчтүү кислоталар. Эритмеде ар бир галоген өзүнөн кийинки галоген атомун металлдык жана суутектик бирикмелеринен сүрүп чыгарат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Галогендер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.