Астат (гр.
astotos-туруксуз, лат. Аstatium), астатиян – Д. И. Менделеев мезгилдик системасынан VII мезгилинин VIIА группа орун алган радиоактивдүү элементи, к.н. 85, галогендерге кирет. Эң туруктуу изотобу 210At (Т1(2-8,3 саат). Биринчи жолу 1940-ж. Э.Сегре, Т.Корсон, У.Мак-Кензи висмутту a-бөлүкчөлөр менен нурлантканда 211At изотобун алышкан (209Bi (a3n), 211At). Анын туруксуз 19 изотобу бар, эң туруктуусу 21095At - 8,3 саатка чейин жашайт. Бардыгы радиоактивдүү. At катуу зат, балкып эрүү темп-расы 244оС, кайноо темп-расы 309оС. Бирикмелеринде -1, +1, +5 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Химиялык касиеттери жагынан полонийге да, йодго да окшош, башкача айтканда металлдык жана металлоиддик касиетке ээ. Галогендер сыяктуу эрибеген тузду AgAt пайда кылат жана йод сыяктуу (AgJO3) беш валенттүү AgAtO3 абалга чейин окистенет. Вакуумда жана кадимки шартта оңой бууланат. Металлдарга (Ag, Au, Pt) жакшы сиңет. Астат суутек сульфидинин таасири менен чөкмөгө түшөт., сульфид эритмелери эритмелеринен аны цинк сүрүп чыгарат. Астат электролиздөөдө катодго тартылат. А. металлдарга сиңүү касиети аны таза түрүндө бөлүп алууга мүмкүндүк берет. Галогендерге караганда металлдык касиети жогору. Ал бир топ металлдар, галогендер менен, ошондой эле суутек сульфиди менен реакцияга кирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Астат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.