Вена Конгресси (1814-15) - Наполеон жеңилгенден кийин Европадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөрүлгөн эл аралык тынчтык конференциясы.
1814-ж. сентябрь 1815-ж. июнда Венада өткөн. Вена Конгрессине Европа өлкөлөрүнүн бардыгы (Түркиядан башка) катышкан. Конгрессте Орусия (Александр I), Улуу Британия (Каслри), Австрия (Меттерних), Пруссия (Фридрих Вильгельм III) чоң роль ойногон. Анда Француз революциясынын жана Наполеон согушунун учурунда жоюлган феодалдык тартипти, кулаган династияларды кайра калыбына келтирүү, революциялык жана улуттук-боштондук кыймылдарга каршы күрөшүү, Наполеонду бийликке кайра келтирбөө жана жеңген державалардын аймактык таламдарын канааттандыруу маселелери каралган. Падыша өкмөтү Польшаны бүт Орусияга кошуп алуу маселесин койгон. Буга Франция, Улуу Британия менен Австрия каршы турган. 1815-ж. 3-январда жеңилген Франциянын атынан атайын өкүл катары конгресске катышкан Ш. М. Талейран күч алып бараткан Орусия менен Пруссияга каршы Улуу Британия жана Австрия менен жашыруун келишимге кол койгон. Конгресстин чечими боюнча Россияга Польшанын бир бөлүгү (Варшава менен чогуу Польша падышалыгы деп аталган); Пруссияга Польшадагы жана Саксониядагы айрым аймактар, Вестфалия жана Рейн провинциялары; Австрияга Ломбардия, Тироль, Далмация, Венеция; Улуу Британияга стратегиялык маанидеги Гельголанд, Мальта, Ионика жана Цейлон, ошондой эле Африканын түштүгүндөгү Кап колониясы да өткөн. Франция Саар облусунан жана бир нече чек ара чептеринен айрылган, контрибуция төлөөгө милдеттенген жана аймагында 5 жылга оккупациялык аскерлер калтырылган. Германиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Франциянын Түндүк чек арасында Голландия менен Бельгиянын аймагынын эсебинен Нидерланд королдугу түзүлгөн. Жалпысынан, Вена Конгресси Европада стабилдүүлүктү орноткон. Вена Конгресси кабыл алган чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн Орусиянын, Австриянын жана Пруссиянын монархтары 1815-ж. сентябрда Ыйык союзду түзүшкөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вена Конгресси (1814-15), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.