Василий Кесарийлик (болжолу 330–379-ж.
чен) – чиркөө тарабынан улуу деген атка конгон грек чиркөөсүнүн ишмери, ойчул жана жазуучу, патристиканын ири өкүлү.
Улуу Василий |
Василий христианчылыкты таратууда антикалык маданияттын элементтерин пайдаланууну ылайык көрүп, үгүт насааттарында байыркы философторго кеңири таянган, бирок философияны ал дин илиминин «кызматчысына» айландырууга аракет кылгандардын демилгечиси болгон.
Василий Платон менен неоплатонизмдин таасирине дуушар болуп, чиркөө беделин көтөрүү максатында монахчылыкты бекем сактап, календерлик менен аскетизмди мактоого алган.
Василийдин негизги чыгармасы «Алты күндүк» (дүйнөнүн жаралышын баяндаган 6-күн жөнүндөгү 9-маек).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Василий Кесарийлик, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.