Бүргөлөр | |
Илимий классификация | |
---|---|
дүйнөсү: | Айбанаттар |
тиби: | Муунак буттуулар |
классы: | каскактар |
түркүмү: | Бүргөлөр |
Биноминалдык аталышы | |
Siphonaptera Latreille, 1825 | |
Синонимдери | |
|
Бүргө (лат. Siphonaptera — байыр.-грек. σίφων — соркыскыч, ἄπτερον — канаты жок. Синоним лат. Suctoria, лат. Aphaniptera)— кан соргуч майда жандык; сүт эмүүчүлөрдүн, куштардын жана кишинин митеси. Ар кандай жаныбарлардын (мышык, ит жана башка) каны менен азыктанып, алардын бир катар коркунучтуу ооруларынын (кара тумоо, баш келте жана башка) козгогучтарың кишиге жуктурат.
Бүргөлөрдүн шилекейи дүүлүктүрүүчү таасирге ээ. Денеси капталынан кысыңкы келип, ээсинин жүнү жана канатынын арасында жылып жүрүүгө жакшы ыңгайланган, буттарынын арткы түгөйү жакшы өөрчүп, секирүү кызматын аткарат.
Бүргөлөрдүн айрым түрү — жаныбарлардын белгилүү бир түрүндө, кээси ар кандай түрүндө мителик кылат. Алардын 1000 ден ашык түрү бар. Турак жайда жашап, кишини чаккан бүргөлөр эпидемиологиялык мааниге ээ. Бүргөлөр имараттагы кургак чаң жана таштанды, тактайдын жаракалары жана башкаларда жашайт жана көбөйөт. Айрым түрлөрү 1000 күнгө чейин жашайт. Аны жоготуу үчүн алардын көбөйүшүнө шарт түзбөө, жаныбарларды мезгил менен зоошампунь, СЛ-7 самыны же пиретрум менен жууп туруу керек. Үйдүн ичиндеги бүргөлөрдү жоготуу үчүн ар кандай дары-дармектер — пиретрум, ДДТ, хлорофос, карбофос жана башка инсектициддер пайдаланылат. Бурч-бурчтарына эрмен коюлган үйгө бүргөлөр жолобойт, эрмен шыпыргы менен үйдү шыпыруу керек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бүргөлөр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.