Беш-Буркан көмүр кени — Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта, Тахтек өрөөнүндө.
Кен 1987–88-ж. издөө иштеринин негизинде ачылган. 1989–91-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Төмөнкү юра катмарында, татаал түзүлүштөгү бир көмүр кабаты аныкталган. «Негизги» деп аталган кабаттын калыңдыгы 1,47 мден 37,19 мге чейин өзгөрөт. Көмүр 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,4%, орточо табы 28,5 МДж/кг (6808 ккал/кг) түзөт. Запасы (В+С1 категориясы боюнча) 37344 миң т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Беш-Буркан көмүр кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.