Басыз уруусу — теңир-тоолук кыргыздардын уруулук түзүмүндө сол канатка кирген чоң уруулардын бири.
Басыздар негизинен Фергана кырка тоосунун эки тарабын мекендеп, Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да салмактуу орду болгондуктан, ортодогу ынтымакты камсыздап келишкен. Өзгөн, Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо райондорунан тышкары, Кочкордо, Чүйдө, Ысык-Көлдө, Ат-Башыда, Жумгалда, Таласта ж.б. жерлерде да басыз бөлүкчөлөрү кезигет.
Басыз уруусун кыргыз, мундуз, дөөлөс ж. б. этнонимдери сыяктуу эң байыркы этникалык аталыш катары кароого болот. Мындагы "-з" мүчөсү байыркы түрк доорунда көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө катары белгилүү.
Басыз уруусунун түпкү теги байыркы басмылдарга барып такалышы мүмкүн. Тарыхчы А. Мокеевдин пикири боюнча, VIII кылымда Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгынан калган бийликти басмылдар, карлуктар жана уйгурлар талашып, натыйжасында жеңилген басмылдардын калдыктары уйгурлардын жана кыргыздардын арасына сиңип кеткен. Ошондой эле, селжукийлердин тушунда дарыгерлик кылган ал-Марвазинин 1120-жылы жазган «Табаи ал-хайаван» («Айбанаттардын табияты») деген эмгегиндеги В.Ф. Минорский «Басри» деп чечмелеген алтайлык уруу ырасында басыздар деп чечмеленүүсү мүмкүн.
Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталгандыктан С.М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт. Сейф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму-ат-Таварихинде” (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат.
Калмак жапырыгына чейин кыргыз элинин сол канатына кирген уруулар негизинен Талас аймагында жашап турушкандыгы санжыралык уламыштарда эскерилет.
Сыягы, басыздар Таластан XVI кылымда Көгарт, Жазы жана Нарын аймактарына көчүп кетишкен. Бала Айылчынын санжырасында айтылган маалыматтарга караганда, XVII кылымда кыргыздарга Чаа бий башчылык кылып турган чакта «Кочкордон Нарынга чейин сол тукумунан базыстар (басыздардын бир бөлүгү) ээлеп турушкан». Ал эми Көгарт, Жазы өрөөндөрүндөгү басыздар Улак баатырдын башчылыгында калмактар менен күрөшкөндүгү жөнүндө уламыштар бар. Айрым маалыматтар боюнча, басыздардын керки тамгаларынын түпкү аталарынан болгон Кожоматбек деген адам XVII кылымда калмактар менен күрөшкөн Курманбек баатырдын жоокерлеринен болгон жана Кашкарда набыт болгон. Кийин калмактардын кысымынан улам түндүк кыргыз уруулары менен бирге басыздар да Гиссар тоолоруна көчүп кетишкен.
Сагымбай ажынын санжырасы боюнча, XVIII кылымда Гиссардан басыз уруусу Доскул баатырдын башчылыгында Өзгөндүн тоолоруна көчүп келишкен.
1763-1770-жылдары жазылган «Сиюй чжи» аттуу тарыхый кытай жазма булагында басыздар чыгыш (түндүк) кыргыздарынын да, батыш (түштүк) кыргыздарынын да курамында кошо эскерилет. Ушул себептен Ч. Валиханов, П. П. Семенов Тянь-Шаньский, Н. А. Аристовдор өз эмгектеринде жаңылыштык менен басыздарды оң канатка кирет деп жазышкан. Демек, XVIII кылымдын ортосунда басыз уруусу саясий жактан аркалык жана анжиян тараптык болуп экиге ажыраган. Бирок алардын ортосун Фергана кырка тоосу гана бөлүп турган.
Ош-Алай кыргыз урууларынын конфедерациясына кирип турган басыздар негизинен Көгарт жана Жазы өрөөнүн ээлеп келишкен. XVIII кылымдын ортосунда адыгине уруусунан Ажы бийдин бийлиги учурунда 1300 түтүн басыздарды Ка-р-га (Калка) башкарып тургандыгы кытай жазма булактарында эскерилет. Уламыштар боюнча, XVIII кылымда саруу уруусунан Бердике баатыр Анжиян шаарын каратып алганда басыз уруусунун кудайлат уругунан чыккан Сарыкүчүк деген бийин Ош шаарына аким кылып дайындаган. Кытай жазма булактарында Ажы бий батыш кыргыздарынын атынан Сарыкүчүктү (кыт. Ша-ла-ку-чу-к) 1759-жылы Цин империясына элчи кылып жибергендиги эскерилет. XVIII к. 2-жарымында Мурат (Сарыкүчүктүн уулу) башкарган 400 түтүн басыздар Марал деген жерде дыйканчылык менен күн көрүп турушкандыгы «Сиюй чжи» эмгегинде айтылат.
Асанбек Стамовдун «Хан Тейиш» аттуу тарыхый романында Атаке бий менен бирге эскерилген Сарытай мырза аттуу каарман басыздардан чыккан тарыхый инсан болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.
Аркалык (түндүктүк) басыздар Тогуз-Торо жана Ак-Талаа аймагынын Нарын дарыясына чейинки жерлерин жердеп, чекир саяк уруусунан бөлүнүп чыккан чоро уругу менен бир саясий бирикмеге биригип турушкан. Уламыштар боюнча, XIX к. башында Сары чечен баштаган басыздар менен Жанболоттун уулу Ырыскул бий башкарган чоро-саяктардын ортосунда чабыш болуп, ал окуя Кетмен-Төбөдөн Бокбасар бий баштаган каба-саяктардын жардамга келиши менен аяктаган.
1820-жылы Мандалак баатыр баштаган басыздар жана Жанболот уулу Байбагыш бий баштаган чоро-саяктар коңшу Чыгыш Түркстандагы Жахангир-кожонун Цин империясына каршы көтөрүлүшүнө активдүү колдоо көрсөтүшкөн. Андан кийин да, Чыбылдый бий баштаган басыздар, алардын ичинде Бөбөтөй, Токочор, Дербиш сыяктуу басыз баатырлары чоро-саяк Тайлак баатырга кошулуп, 1825-жылдагы цин аскерлери менен болгон салгылашка, Чыгыш Түркстандагы 1826 жана 1830-жылдары болгон көтөрүлүштөргө активдүү катышышкан.
Кокон хандыгынын тушунда басыздардын айрым бөлүктөрү саясий себептер менен Кыргызстандын бир канча жерлерине чачырап, жер которууга дуушар болушкан. Мисалы, Сары баатыр менен Мадыш бийдин жетекчилигинде керки тамгалардын бир канчалаган түтүнү Көгарт тараптан Тогуз-Торого көчкөн. Ж. Болотовдун пикири боюнча, «Сынган кылычта» Кудаяр хандын алдап чакыруусу менен Кокондо башы алынган кыргыздардын кырк бийинин бирөөсү катары эскерилген Абдылда бий басыздардын каман уругунан чыккан.
Көгарттык басыздардан чыккан Нусуп жана Чыйбыл аттуу бир тууган бийлер Орусия империясынын тушунда Көгарт жана Тогуз-Торо чөлкөмдөрүнө болуш болуп дайындалышкан. Чыйбыл болуш 1898-жылдагы Анжиян-Кыргыз көтөрүлүшүнө активдүү катышкандыгы үчүн айыпталып, Токтогул акын менен бирге Сибирге сүргүнгө айдалган.
Басыз уруусунун байсогур уругунан чыккан Баймамбет (Байымбет) атту атактуу балбан XIX к. 2-жарымы – XX к.башы аралыгында жашап, өмүрүндө күрөш боюнча эч кимден жеңилген эмес. Орусия империясынын дооорунда акталаалык басыздардан Алыбек баатыр, Мамыткан болуш, Мураталы бий деген атактуу адамдар чыккандыгы эл ичинде айтылып келет.
XX кылымдын башында өзгөндүк басыздардан чыккан Жаныбек казы совет бийлигинин орношуна каршы боштондук үчүн көтөрүлгөндөргө кошулгандыгы үчүн «басмачы» катары айыпталган.
XX кылымдын башында Басыздардын Айдаралы уругнун Чайкөз аталыгынан да да башы көрүнгөн көптөгөн жакшы адамдар чыккан, чыгып атат. Басмачылар учурунда, Чай коз топтон, Бөрүбай деген элин жерин орус баскынчылардан коргогон өтө чыгаан, эр азамат жашаган, учурунда эл үчүн кылган иши бааланбай, большевиктердин колунан өлгөн, ал айтылуу Жаныбек кор башчынын уулу, Беделбайдын аккан досу болот, жазасын алып аткан учурда Беделбай алыста болуп калгандыктан арачы түшө албаганы үчүн, өзүн өмүрү өткүчө жемелеген экен, ал киши Мырзакеде туруп, партиялык иштерде жүрүп, көзү өттү.
Басыз уруусунун аскердик урааны “Акбуура” деп чакырылганы маалым. Ал эми басыз уруусунун ичиндеги кудайлаттардын тамгасы жалпы басыздардын тамгасы болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.
Басыз уруусунун санжырасын сүрүштүрүүчү, «Тарыхка саресеп жана Басыз санжырасы» аттуу китептин автору болгон Адылбек Раимжановдун пикири боюнча, басыздардын ичиндеги төмөнкү 20 урук тең-ата болуп саналышат:
ДНК-санжырасын изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде көрүнгөндөй, кыргыздардын көпчүлүгүнө мүнөздүү болгон R1a гаплогруппасы басыз уруусунун урпактарынын да көбүнчөсүндө кезигет.
Башка уруулардыкындай эле, басыз уруусунун да генеалогиялык схемасын чийүү аракеттеринин алгачкылары С. М. Абрамзон менен Я. Р. Винниковго таандык. Басыз уруусу Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да басымдуу орун алышкандыктан,ал эки окумуштуу басыздар боюнча эки башка схема көрсөтүшкөн. Кыргыз илимпоздорунан Сабыр Аттокуров 1995-жылы санжырага кайрылганда, басыз уруусунун курамын көрсөтүп берүү үчүн жогорудагы илимпоздордун эки вариантын бириктирүүгө аракет жасаган.
Басыздардын санжырасын өз китептерине 1995-жылы санжырачы Төрөкан уулу Эсенкул, 1996-жылы С. Закиров, 2006-жылы А. Абдылдаевдер да кыстара кетишкен.
Сарыкүчүк бий — XVIII кылымда жашаган саясий ишмер, Ош-Алай кыргыздарынын Цин империясына жиберген элчиси, басыз уруусунун бийи.
Мандалак баатыр — 1820-жылы Жааңгер кожонун Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүшүнө биринчилерден болуп колдоо көрсөткөн кыргыздардын бири, басыз уруусунун бийи.
Чыбылдый бий — XIX кылымдын 20-30-жылдары Тайлак баатыр менен бирге цин жана кокон баскынчыларына каршы күрөшкөн баатырлардын бири, басыз уруусунун бийи.
Бөбөтөй баатыр — Тайлак баатырдын "оң колу" атанган эң жакын жан-жөкөрү.
Байымбет балбан — XIX к. 2-жарымында - XX к. башында күрөш боюнча эч кимден жеңилбеген кыргыз балбаны.
Чыйбыл болуш — XIX к. аягында Көгарт болуштугунун башчысы, Анжиян көтөрүлүшүнүн активдүү катышуучусу.
Жаныбек казы — XX кылымдын башындагы басмачылык кыймылынын катышуучусу.
Бөрүбай---XX кылымдын башындагы басмачылык кыймылынын катышуучусу/
Басыз этнониминин параллели Ооганстандын түндүк-чыгыш аймагын байырлаган катагандардын курамында да бар экендиги аныкталган. Бул ири этнографиялык топтун этностук тегинин кыргыздарга өтө жакындыгы абройлуу изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде далилденген. Д.Лорддун берген маалыматтарында басыздар өзбек катагандардын он алты-уругунун бири болгондугу чагылдырылат. Эскерте кетсек, илимге өзбек-катаган деген ат менен кирип калган бул этностук топтун өкүлдөрү өздөрүн “өзбек” деп аташпайт.
Басыздар «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот. Чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте басыздар да катышып келгени айтылат.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Басыз, уруу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.