Сол канат – кыргыздардын 15–16-кылымда калыптанган уруулук бирикмесинин жана этносаясий түзүлүшүнүн бир бутагынын аталышы.
Ферганалык автор Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Тарыхтар жыйнагы» («Мажму ат-таварих») кол жазмасында Кыргыздар: Оң канат, Сол канат, Булгачы (ичкилик) уруулук бирикмелеринен тургандыгы көргөзүлгөн. Сол канат уруулук бирикмеси (ошондой эле Оң канат) 15-кылымдын 2-жарымында кыргыздардын өз алдынча эл катары түзүлүп бүткөндүгүн ырастаган жана алардын этносаясий курамын чагылдырган. 17–18-кылымда Оң канат, Сол канат уруулары биригип, Тагай деп аталган бир саясий конфедерацияны түзүп турушкан. Мындай бөлүнүү көчмөн Түрк-Моңгол элдерине мүнөздүү болуп, алардын мамлекеттик түзүлүш белгилерин да билдирген.
Сол канаттын (Куу уул) уруулары:
Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сол канат, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.