Уруу Саруу: Кыргыздын сол канатындагы уруу

Саруу уруусу (سارۇۇ) — кыргыз элинин сол канатындагы чоң уруулук бирикме.

Уруу Саруу: Санжыралык генеалогиясы, Этимологиясы, Уруктар
Жайгашуусу

Уруу Саруу: Санжыралык генеалогиясы, Этимологиясы, Уруктар Кыргызстан:

Уруу Саруу: Санжыралык генеалогиясы, Этимологиясы, Уруктар Казакстан:

Уруу Саруу: Санжыралык генеалогиясы, Этимологиясы, Уруктар Өзбекстан:

Канат

Сол канат

Уруктары

Саруу уруусунун уруктарынын тизмеси

Дини

Ислам

Бул уруунун өкүлдөрү негизинен Талас, Жалал-Абад (Чаткал, Аксы, Ала-Бука), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Саруу айылы) аймактарында отурукташкан.

Тарыхта Саруу уруусунун топтору ээлеген жерлер: Жамбыл (Казакстан), Наманган (Өзбекстан).

Санжыралык генеалогиясы

Көнөк-баатыр — ойротторго каршы согушуп, Анжиян-Аксы, Жети-Суу, Алматы, Түштүк Жамбыл, Шымкент, Талды-Коргон, Талас, Ош, Өзгөн, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Жети-Шаар (Чыгыш Түркстан) өрөөндөрүн бошоткондуктан, ага Көнөк-хан наамы берилген.

Этимологиясы

«Саруу» этноними, эски-моңгол saraɣul (окулушу: Сарағул) (моңг. саруул, калм. Һаруул, ойр. сарул) сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор бар. Бул сөз «жарык», «ачык» маанилерин түшүндүрөт.

Башка версия боюнча «саруу» этноними эки сөздөн келип чыккан «сары»—«уу». «Сары» сөзү менен көптөгөн версиялар бар.

Уруктар

Ай-Тамга: Сейит, Атек, Чүкө, Кобуке, Бала-Саруу, Жалпак Тил, Чаян, Аңдабай, Очок, Түктүү Курт, Жолдош Төбөт, Кызыроо, Назарбек (Шири), Бишкек, Күркүрөө, Тубай, Оготур.

Жети Уруу: Абдый, Ким Билди, Ботояр, Таш Коюн, Мамелдей, Жаңгир, Байбиче, Токол, Түкөк, Мадияр, Бөлөк Чал, Балыкчы, Жол Жакшы.

Бош Моюн: Ыңырчак, Кезек Таз, Кодор, Жээнбай, Кенембай, Бозайгыр, Ырысмат, Календер, Боркемик, Кара-Боркемик.

Агынай: Чоң Эсенгелди, Борой, Кадим.

Алакчын: Жол Болду, Бабыр, Акбай, Түйтө, Чиркей, Чокон, Шаабото, Бекмурат, Алчикен, Ажыбек, Кубатбек, Коңкобай, Наматбай, Мандалак, Эрегул, Берен, Жабагы, Жарыкка, Жаныбек, Сатыкей, Боруке.

Кырк Уул: Байсу (Байзу), Келбей, Мачак, Беш Каман.

Теңечим: Ардай, Күштөн, Булбул, Шекер, Ачакей.

Колпоч (Тоң-Төрт): Ак Кийиз, Култай, Төкө, Быры, Болот, Чочой, Кезек-Сары, Кубулек, Баяш, Токтук, Баба, Чүнү.

Тогунай: Тогунай, Кош Кулак.

Белгилүү инсандар

  • Сатыкей Баатыр — 17-чи кылымда жунгар баскынчылыгына каршы турган миңбашы (ХVII кылым).
  • Бердике Баатыр — 18-чи кылымда кыргыз жерлерин жунгарлардан бошоткону чоң салымын кошкон баатыр (XVIII кылым).
  • Нүзүп аталык (Нүзүп Эсенбай уулу) — 19-чу кылымдагы Борбор Азиядагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, миңбашы, Кокон хандыгынын аталыгы (Шералы хан, 1841-1845гг)
  • Жеңижок Көкө уулу — төкмө акын, ойчул.
  • Ниязалы Борошев — комузчу-виртуоз, көптөгөн кγγлөрдүн автору.
  • Мураталы Курөңкеев — кыргыз элинин аспаптык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
  • Чолпонбай Тулебердиев — Советтер Союзунун Герою. 6-чы Воронеж армиясы стратегиялык позицияны ээлеп алуусу үчүн пулеметту өз денеси менен жаап, шеит болгон.
  • Исхак Раззакович Раззаков (1910-1979) — Кыргызстан КП БКнын 1-секретары, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
  • Төлөгөн Касымбеков — жазуучу, Кыргыз Республикасынын герою, «Сынган Кылыч» романын автору.
  • Темиркул Үмөталиев — Кыргыз Республикасынын эл акыны.
  • Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович — премьер-министр, техникалык илимдеринин доктору, профессор.
  • Шакиев Нурланбек Тургунбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
  • Медер Бишкек (Итибаев Медербек Абдимиталович) — чыгыш медицинасынын дарыгери, "Император-Каган массажынын" негиздөөчүсү, "Тайцзи-кармаш" Тайцзи цюань интернэшнл Ассоциациясынын президенти, "Кыргыз-Дзэн" фондунун директору, жазуучу, психолог жана идеолог.
  • Роза Отунбаева — Кыргыз Республикасынын алгачкы аял Президенти.
  • Алиясбек Алымкулов — 2010 жылдын Апрель революциясынын башчыларынын бири. Революция учурунда катуу жарадар болгон. Кыргыз Республикасынын Герою.
  • Өмүрбек Бабанов — Олигарх, Экс-Премьер-министр, «Республика-Атажурт» паритиясынын төрагасы.

Кылымдар бою Саруу уруусу кыргыз элинин эгемендиги үчүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө активдүү катышып келет.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Уруу Саруу Санжыралык генеалогиясыУруу Саруу ЭтимологиясыУруу Саруу УруктарУруу Саруу Белгилүү инсандарУруу Саруу Колдонулган адабияттарУруу СарууКыргыздарСол канат

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жаңыл МырзаТүндүк АмерикаТыныш белгилериИндустриялаштырууЖусуп БаласагынОптикаБайыркы кыргыздарУран (планета)ТүркияЖакыпКалендарьТилНарынСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)Окутуунун жаңы технологияларын пайдаланууСиреньКет БукаКлетка теориясыАба (атмосфера)Бурана (мунара)Калыгул Бай уулуБиринчи жардамЖогорку окуу жайыМамлекеттердин тизмесиБеш миң сомКөп маанилүү сөздөрМанас эпосунун өзөктүк окуяларыКырк чороАфрикаМаданиятКыргыз тарыхы боюнча көөнө жазма булактарТөрөтБөйрөк оорусуКыргыз элчиликтериБөлүп чыгаруу системасыКош сөздөрКутадгу билигУкук бузууТопурак эрозиясыЖылдыздуу асманЧүйлүк Таластык кыргыздар 19-кылымКелишимАйкындоочБаткен облусуФерментЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыЖалил СадыковБаш мүчөРефлекстерУлуттук эсепНегиз (химия)Шатман СадыбакасовКыргызстандагы шамал режимиОюнАдеп-ахлактуулукСүйлөмЭки миң сомМахмуд КашгариТоктогул СатылгановӨмүр баянАвтомобильЭлектр кыймылдаткыч күчүПроекцияАндронов маданиятыФевраль революциясы (1917)Кытай кыргыздарыТогуз коргоолОш коогалаңы (1990)ЕвразияКаратма сөзЖемиштерАтакенин ак болотуМанас КүмбөзүСелТянь-Шандын түндүк тизмегиЖылдызКошмок сөздөрДомен аталыштар системасыБөйрөк ишинин начарлашы🡆 More