Калмак тили — калмактардын тили.
Моңгол тилдеринин тобуна кирет. Ал торгут, дербет жана бузав айтымдарына бөлүнөт. Калмак тили Астрахань, Ростов, Волгоград облустарына, Ставрополь крайына тараган. Калмак тилине кыска жана созулма үндүүлөр мүнөздүү, 8 жөндөмөсү бар. Калмактар 17-кылымдын ортосуна чейин моңголдордун тик (вертикаль) жазуусун пайдаланышкан, 1648-жылы ал зая-пандит жазуусу менен алмашкан. 1924-жылы орус алфавити киргизилген. 1931—38-жылы латын алфавити колдонулган. 1938-жылдан кайра орус алфавитине өткөн. 1992-жылдан калмак тили орус тили менен катар мамлекеттик тил болуп саналат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Калмак тили, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.